Flag

An official website of the United States government

Бүтүрүүчүлөр үчүн чакан долбоорлор
4 MINUTE READ
November 3, 2023

Кыргыз Республикасындагы American Councils АКШ элчилиги тарабынан каржыланган бүтүрүүчүлөр үчүн чакан долбоорлор программасынын аткаруучу өнөктөшү болуп саналат.  АКШ өкмөтүнүн билим берүү жана алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү чакан долбоорлор программасына катышууга укуктуу жана аларга  сунушталат. 

Программа бүтүрүүчүлөргө ар кандай темаларга багытталган чакан жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 5000 долларга чейин каржылоо менен камсыздайт. Бул долбоорлордун максаты – АКШ өкмөтүнүн ар кандай программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн ортосундагы байланышын бекемдөө, жергиликтүү жамааттарды жана Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.

Арыздарды кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт: жайында бир жолу күзгү маал үчүн жана кышкысын бир жолу жазгы маал үчүн ачылат. Жыл сайын долбоорлордун темалары жана талаптары өзгөрүп турат. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

https://kyrgyzstan.americancouncils.org/smallalumnigrants жана Кыргыз Республикасындагы бүтүрүүчүлөрдүн демилгелери тууралуу фейсбук баракчасы: https://www.facebook.com/Kyrgyzstan.usexchangealumni/