«Жаштар жана коомчулуктун коопсуздугу» сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы

5-апрелде, Ош шаарындагы Америка Борборунда «Жаштар жана коомчулуктун коопсуздугу» аттуу сүрөт көргөзмосүнүн ачылуу аземи болот. Бул иш-чара АКШнын каржы колдоосунун алкагындгы милиция менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана жергиликтүү калк ортосундагы коомдук өнөктөштүктү колдоо демилгелеринин бир бөлүгү болуп саналат. Сүрөт көргөзмө укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жаштар жана аялдардын укук коргоо органдары менен жамааттардын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча салымын чагылдырат.

Saferworld жамааттык коопсуздуктун түпкү себептерин аныктоо менен аларга чечүүгө өбөлгө түзүүнү колдойт. Жааматарда туш келген негизги түйшүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат – эрте нике куруу, жумушсуздуктун көбөйүшү жана жаштардын криминалдык чөйрөгө кошулушу. Бул жагдайлар көп учурда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, эрте ажырашуу жана экстремизмдин өсүшү менен коштолот. Saferworld коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн коомчулук менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жергиликтүү уюмдарды колдойт.

2015-жылдын июнунан 2016-жылдын январь айына чейин, Saferworld жергиликтүү жана улуттук денгээлде сегиз жаштардын жана аялдардын маалымат кампаниясын колдогон. Бул демилгелер үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтуу, жаштарды кылмыштуулуктан алыстатуу жана экстремизмдин өсүп кетишине жол бербөө үчүн салым кошту. Иш-чаралар коомчулуктардын мүчөлөрү, укук коргоо органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ишенимди арттырууга багытталган.

Сүрөт көргөзмөсү коомдук коопсуздукту жана жаштар менен аялдардын катышуу мисалдарын көргөзүп жана жаштарды өз коомчулугу үчүн пайдалуу болушу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу көбүрөөк билүүго мүмкүнчүлүк берет.

Сүрөт көргөзмө 2016-жылдын 15-апрелине чейин келүүчүлөр үчүн ачык болот. Көргөзмөнүн ачылыш аземи 2016-жылдын 5-апрелинде саат 15:00 дөн 16:30 чейин Ош облустук китепканасынын Америкалык бурчунда өтөт, дареги Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү 71.

Кошумча маалымат алуу үчүн Стефан Стоянов менен байланышсаңыздар болот: sstoyanov@saferworld.org.uk