Жаш лидерлер жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүгө даяр

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) көмөгү менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү “Жаш жаран мектебин” өткөрдү. Август айында 18 жаштан 28 жашка чейинки 140 жаштар жарандык жоопкерчиликти жана жаштардын өз коомчулугунда катышуусун жогорулатууга багытталган иш-чараларга катышышты. “Жаш жаран мектеби” Кыргызстандын бардык аймактарында өттү.

Бул иш-чарага коомдук уюмдардын жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде, Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешов да конок катары катышты. “Мектепте” саясий укуктар жана эркиндик, лидерлик, жарандык катышуу жана медиа сабаттуулук деген негизги темалар камтылды.

“Жаш жаран мектеби” жаштар үчүн өз коомчулугун жакшыртуу максатында керектүү байланыштарды түзүү боюнча жакшы платформалардын бири.  “Бул жерде түрдүү көз караштагы жаштар чогулушат, бирок алардын баарынын максаты бир – өлкөбүздү жакшы жакка өзгөртүү”, – дейт Бишкек шаарынан келген катышуучу Мухит Мамытов.

Ушундай мектептерди өткөрүүнүн натыйжасында, ар бир коомчулукта жаштардын чакан коомдору түзүлүп, алар жашаган жердеги маселелерди чечүү боюнча ар кандай долбоорлор иштелип чыгууда. IFES катышуучулар арасында конкурс уюштуруп, өзгөчөлөнгөн долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө даяр.

IFES жана USAID жарандык коомду өнүктүрүүгө, демократия жана башкарууну жакшыртууга жардам берүү менен бирге 20 жылдан бери Борбор Азияда жаш жарандар менен иштеп келет.