Бишкек 28-октябрь. «Креативдүү кесиптер Академиясынын» кесиптик окутуу программасын жыйынтыктаган Jannat Regency отелинде 2022 – жылдын 28-октябрында өткөрүлгөн иш-чаранын соңунда өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген он сегиз бүтүрүүчү санарип маркетинг, веб-өркүндөтүү жана графикалык дизайн боюнча ат салышты.
Жеке компаниялардын өкүлдөрүнөн, IT адистеринен жана АКШнын Элчилигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу катышуучулардын IT-чөйрөсүн камтыган долбоорлоруна баа берди.
Алты жүз студент «Креативдүү кесиптер Академиясынын» 2021-2022-окуу жылына катышып графикалык дизайн, санарип маркетинг жана веб-иштеп чыгуу боюнча акысыз үч айлык курстан окушту. Эң мыкты 18 бүтүрүүчү IT -чөйрөсүнө арналган долбоорлорун калыстар тобуна сунуштады. Иш-чаранын жүрүшүндө “Mozgami” жана “Peklo” студияларынан чакырылган Академиянын окутуучулары 150 жаш адис үчүн акысыз мастер –класс өткөрүштү.
«Креативдүү кесиптер Академиясы» тарабынан Кыргыз Республикасынын жаштарына жумушка орношуудагы тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берген ошондой эле Интернет айдыңында ийгиликтүү жана өз алдынча иштегенге өбөлгө түзгөн кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө үйрөтүү жүргүзүлөт. Учурда Академия эң мыкты ийгиликтерге жетишти. 2020-жылда башталган программага 1000 ашуун студенттин ичинен 80% же жумуш тапты, же стажировкадан өттү, же кардарларын жана өзүнүн кирешелерин көбөйттү. Долбоорду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен “Фонд Сан Пипл” Фонду жүзөгө ашырат.
Кошумча маалымат алуу үчүн долбоордун координатору Алана Солтоева (0555 313231, academy.creative.prof@gmail.com) же биздин сайттарыбызга кайрылсаңыз болот:
Сайт: https://creative–academy.kg/
Instagram: https://ww.instagram.com/creative.academy.kg/
Facebook: https://www.facebook.com/creative.academy.kg/