АКШ тарабынан уюштурулган Кытайдагы Цинзян-Уйгур автономдук облусундагы негизги эркиндиктерди коргоо боюнча иш чара

2019-жылдын 13-мартында Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмундун кеңсесинде Америка Кошмо Штаттары, Канада, Германия, Голландия, Улуу Британия менен бирге Синьцзян-Уйгур автономмиялуу районунда уланып жаткан жана чектен чыккан адам укуктарын бузуу боюнча билүүнү жогоруларуу иш чарасын өткөрүштү. Ал жерде бир миллиондон ашуун уйгурлар, этникалык казактар, кыргыздар жана башка мусулман азчылык катарына кирген адамдар 2017-жылдын апрелинен тарта камака алынып башталган. Кошмо Штаттар БУУну жана Адам укуктар боюнча жогорку коммисарды бул укук бузууларды биринчи орунга коюуга өзгөчө үндөйт.

Мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер жана тирүү калган күбөлөндүрүүлөр Цинзян-Уйгур автономдук облусунда болуп жаткан адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин бузуулардын өлчөмүн жана катаалдыгын баса белгилейт. Катышуучулар ага кошумча Цинзян-Уйгур автономдук облусундагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун тарабынан кийинки кадамдарды карап чыгышты.

Толугураак маалымат алуу: DRL-Press@state.gov дарегине жазыңыз, же https://www.state.gov/j/drl.htm веб баракчасына кириңиз же @StateDRL твиттер баракчасына жазылыңыз.