Кыргызстан туроператорлору Лондондогу дүйнөлүк көргөзмөгө катышып, Европалык турфирмалар менен келшимдерди түзүштү

Бишкек, Кыргызстан – Кыргызстандын төрт туристтик компаниясынын өкүлдөрү Лондондо жылда өтүүчү эң ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири болгон World Travel Market’ке (WTM) катышып келишти. 2-5-ноябрда Кыргыз Туроператорлорунун ассоциациясынын (КАТО) мүчөлөрү болочок өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүп, эл аралык турфирмалардын мүдөөлөрүн талкуулап, глобалдык рынокту изилдеп жана Европалык бир катар өнөктөштөр менен контракттарга кол коюшту. Кыргызстандык туропраторлор көргөзмөгө “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» (BGI) долбоорунун колдоосу менен катышышты.

«WTM көргөзмөсүнө катышып, биздин компаниялар чет элдик туроператорлор менен өнөктөштүгүн кеңейтип, Кыргызстанды Европанын туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кардар базасына киргиздик», – деп кабарлады көргөзмөнүн катышуучуларынын бири Алия Кыдырмаева.

KATO мүчөлөрү – «NoviNomad Travel Company», «Tien-Shan Travel», «Edelweiss» жана «Аксай Трэвел» туристтик компаниялары – өнөктөш болуп калышы мүмкүн болгон 85 компания менен жолугушуу өткөрүштү. Алардын 50-сү WTM көргөзмөсүнүн негизги өзгөчөлүгү болгон туроператорлордун “ыкчам жолугушууларына” катышуунун жыйынтыгы болду. Бул кыска мөөнөттө өтүүчү жолугушууларга 1400дөн ашуун компаниялардын өкүлдөрү жана 300-дөй ири турфирмалардын сатып алуу боюнча адистери катышты.

Кыргыз компаниялары Европалык өнөктөштөр менен алты контрактка кол коюшту. Алардын дээрлик бардыгы Улуу Британиянын компаниялары. Андан тышкары, WTM 2015 көргөзмөсүнүн алкагында таанышкан башка өнөктөштөр менен да бир катар контракттарды талкуулоо уланууда. Жаңы өнөктөштөр менен Кыргыз компаниялары келерки жылдагы жайкы туристтик сезон учурунда Европадан Кыргызстанга келе турган туристтердин санын көбөйтүү максатында  биргелешип ар кандай маркетингдик ыкмаларды иштеп чыгышууда.

Көргөзмөгө катышкандан кийин, эл аралык туристтер үчүн Кыргызстан альпинизм/ бийик тоолорго чыгуу, жөө жүрүү / треккинг жана Өзбекстан менен биргеликте Улуу Жибек жолунун маршруту боюнча туртоптомдорду уюштуруу жаатында биринчи кезекте кызыктыраары айкындалды. Кыргызстандан барган катышуучулар Кыргызстанды туристтик жай катары чагылдырууга кызыкдар болгон эл аралык ЖМКлардын өкүлдөрү менен да жолугушту.

WTM көргөзмөсүнө жылына туризм индустриясынын 50 миңден ашуун кесипкөй адистери жана туризм багыттарынын өкүлдөрү жана эл аралык ЖМК өкүлдөрү өз дестинацияларын илгерилетүү, байланыш түзүү жана бүткүл дүйнө боюнча туристтик кызмат көрсөтүү боюнча келишимдерди түзүү максатында катышат.

USAID Кыргыз туроператорлорунун WTM көргөзмөсүнө катышуусуна көмөк көрсөтүү менен Кыргызстандын туристтик имиджин арттыруу, ошондой эле компаниялардын чет элдик туроператорлор менен иштиктүү алака түзүп алуусуна жардам берүү максатын көздөдү.

«Кыргызстан бүткүл дүйнөгө ким экенибизди жана эмнелерди сунуштай ала турганыбызды көрсөтө билүүсү абдан маанилүү», – деди «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгесинин» алкагындагы туризм жаатындагы программанын менеджери Эмилия Салиева. «Биз Кыргызстанга жаңы туристтик багыт катары кызыгуу күчөп бараткандыгын байкадык».

«Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» (BGI) долбоору Кыргыз туроператорлору менен кызматташуусун өзөктүү максаттарга жетүүгө багытталган иш-чараларды аткаруу, көргөзмөгө катышуунун жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүккө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Кыргызстанды дээрлик изилденип бүтө элек Борбордук Азиядагы туристтик бизнестин негизги өлкөсү катары илгерилетүүгө багытталган ишмердүүлүк жүргүзүү максатында улантмакчы.

Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси – бул бизнестин өсүшүнө, жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасында жайгашкан фирмалардын жана кошумчаланган нарк чынжырчаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн түзүүгө жана бекемдөөгө багытталган төрт жылдык, көп тараптуу долбоор.

Долбоор тууралуу кененирээк маалымат төмөнкү сайттан алса болот: https://www.usaid.gov/ru/news-information/fact-sheets/business-growth-initiative.