20-25 апрелде Кыргызстанда 23 апрель, Дүйнөлүк китеп күнүн белгилөөгө арналган бир катар иш-чаралар өтөт. Иш-чаралардын максаты – балдар жана жаштардын арасында китеп окууну жайылтуу. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин алдындагы Окуу боюнча улуттук комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, информация жана туризм министрлиги, USAIDдин «Бирге окуйбуз” долбоору, ЮНИСЕФтин “Кыргыз Республикасында жаш курактагы балдарга китеп окууну өнүктүрүү” программасы, Ага-Хан фондусунун “Үй бүлөөдө китеп окуу” долбоору жана башка уюмдар менен биргеликте өткөрүлөт.
Жумалыктын расмий ачылышы 20 апрелде саат 09:00 «Вечерний Бишкек” газетасынын пресс центринде өтөт (Усенбаева 2). 23 апрелде саат 14:00 Курманжан-Датка аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерт өтөт. Жумалыктын алкагында жазуучулар менен жолугушуулар, китеп көргөзмөлөрү, китеп жарманкелери жана бет ачаарлар өтөт. Кыргызстанда балдар үчүн адабиятты жайылтуу максатында мектептерде, китепканаларда, балдар бакчаларында, коомдук маданий борборлордо, бейтапканаларда, жетимдер үйлөрүндө жана жатак мектептерде көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт.24 апрелде саат 10:00 К.Баялинов атындагы РБЖКда (Огонбаева 242) тегерек стол болот. Тегерек отурумда мамлекеттик билим берүү жана маданият мекемелери, жергиликтүү жана эл аралык коомдук уюмдар, эксперттер, китепканачылар, педагогдор, эне-аталар жана массалык маалымат булактарынын өкүлдөрү биздин коомдо, өзгөчө балдардын арасында жана үй-бүлөөдө, китеп окуу маданиятын өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Дүйнөлүк китеп күнү маданий салттарды сактап калуу жана алар тууралуу маалыматты жайылтуу максатында 1995 жылы Париж шаарында ЮНЕСКОнун 28-чи Генералдык сессиясында расмий түрдө жарыяланган. Китеп билим булагы гана болбостон, биз үчүн идеялардын, руханий жана моралдык баалуулуктардын, сулуулукту түшүнүүнүн жана адамзатынын көркөм жетишкендиктеринин ачкычы.
“Бирге окуйбуз” долбоору Америка кошмо штаттарынын Эл аралык өнүгүү агентствосунун колдоо программаларынын бири. Долбоор тууралуу көбүрөөк маалыматты www.usaid.gov/kyrgyz-republic электрондук баракчадан алсаңыздар болот.