Кыргыз Республикасында аялдар үчүн лидерлик мүмкүнчүктөрдү кеңейтүү

2-3-июнда Бишкек шарындагы “Жаннат” мейманканасында “Кыргыз Республикасында аялдар үчүн лидерлик мүмкүнчүктөрдү кеңейтүү” аттуу Америка Кошмо Штаттарынын колдоосу менен “Аялдардын демократиялык тармагы” уюштурган аялдардын конференциясы өтөт. Бул долбоор USAID жана Эл аралык республикалык институт (IRI) жана Улуттук демократиялык институттун (NDI) кызматташтыгы менен ишке ашууда.

Конфренцияда республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги лидер-аялдар, Жогорку Кеңеш депутаттары, ишкерлер, саламаттыкты сактоо жана юридикалык адистер, жарандык активисттер чогулушуп, аялдардын астында турган кыйынчылыктарды жана аларды жеңүү жолдорун талкуулашат. Чогулуштун конокторунун арасында АКШ элчиси Шейла Гуолтни, АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Дина Титус жана Сьюзан Дейвис болот.

АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Дина Титус жана Сьюзан Дейвис АКШнын Өкүлдөр палатасынын башка өлкөлөрдө эффективдүү, көз карандысыз жана ачык мыйзам чыгаруучу институттарды бекемдөө үчүн кызматташып келген “Демократиялык кызматташтык” аттуу комиссиясынын алкагында Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келишкен. Жогорку Кеңеш жана АКШ Конгресси 2012-жылдан бери бул программанын алкганыда кызматташып келет.

Конференцияда төмөнкү маселелер каралат:

  • Гендердик көз караштарды өзгөртүү: адаттагы “аяладардын” темаларынан жана иштеринен чыгуу
  • Кыргызстанда гендердик квоталарды киргизүү: ал эмне себептер үчүн керек/кереги жок жана кийнки кадамдар
  • Аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоолдуктар жана экономикалык жол ачуунун пайдалары
  • Семинарлар: эл алдында сүйлөө/презентация жасоо, бейөкмөт уюмдар үчүн жаңы коомчулук менен иштөө жолдору, гендерди эске алып бюджет түзүү, кампания жүргүзүү
  • Аялдар арасында колдоо тармактарын түзүү
  • Кызматташуу: парламенттеги аялдар форуму жана Аялдардын демократиялык тармагы
  • Мындан ары кайда барабыз?

Конференция чакырылган коноктор жана каттоодон өткөн пресса үчүн ачык. Толук маалымат үчүн Айсулуу Акуновага 0312-90-14-60, 0555-74-57-47 телефондору же aakunova@iri.org аркылуу кайрылса болот.

Аялдардын улуттук конференциясы USAID аркылуу АКШ колдогон көптөгөн долбоорлордун бири. Башка долбоорлор жөнүндө бул жерден окуңуз: https://www.usaid.gov/kyrgyz-republic.