Фермер айымдар жаңы күнөсканалар менен кирешелерин көбөйтүүдө

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Ош жана Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорундагы он беш фермер аялга жашылчаларды күнөсканада өстүрүүнү жөнгө салууга жардам көрсөттү. Жалпы аянты 1800 м2 түзгөн бул күнөсканаларда, айымдар сезон аяктаган маалда сатыкка алып чыгуу максатында бадыраң жана помидорлорду өстүрүүнү пландаштырып жатышат.

Бул кызматташуу айыл-чарба секторунда аялдардын ишкердигин колдоо менен бирге, зарыл болгон кошумча киреше табууга жана базарда жашылчалар азайган кезде жергиликтүү калкты камсыздап туруу аркылуу алардын тамактануу рационун жакшыртууга көмөк көрсөтөт.

Нарын облусунун Куланак айылынын тургуну, мугалимдик кесипти аркалаган төрт баланын энеси Гүлнура Солтобаева, жакында эле биринчи алган түшүмүн сатууга киришти. Бул иш менен ал үй-бүлөсү үчүн кошумча киреше табууга жардам кылам деп турат. «Мен биринчи түшүмдү жыйнап, аны Борбор Азия университетине, мектептерге жана ачык базарда сатып жатканыма аябай кубанып турам. Мага ишкер болуу жагат,» – дейт Гүлнура Солтобаева.

Бул кызматташуунун арты менен долбоорго катышкан аялдар жана алардын үй-бүлөлөрү бир жыл ичиндеги сатуулардан 1,7 миллион сом чамасында (26 000 АКШ доллары) кошумча киреше алышы күтүлүүдө.

Күнөсканалар USAID “Агро горизонт” долбоорунун алкагында ачылды. Бул долбоор көптөгөн  башка чаралардан тышкары, ишкер аялдарды колдоп, алардын үй-бүлөлөрүнүн түрдүү азыктар менен тамактануусун жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ар бир фермер өзүнүн күнөскана чарбасын баштоого кеткен чыгымдын 30%ын көтөрсө, калган 70%ы USAID тарабынан төлөндү. USAID бул фермер айымдарга тренинг өткөрүү жана кеңеш берүү аркылуу колдоосун уланта бермекчи.