2015 жыл, 13 Апрель. Баткен шаардын ишкер аймдары Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын жана жергиликтүү МСК башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргызпатенттин экспертиза башкармалыгынын башчысы жана салык салуу боюнча серепчилери менен жулугушту. Жолугушуу АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган «Аялдардын чакан жана орто бизнестеги лидерлиги» программасы жана Улуу Британия жана Швейцария өкмөттөрү тарабынан каржыланган Орто Азияда салык салуу суроолору боюнча IFC (Дүйнөлүк Банктын Группасына кирген Эл Аралык финансылык Корпорация) долбоордун колдоосу менен уюштурлган. Ушундай иш-чара 14-апрелде, Ош шаарында, Ош облусунун ишкер айымдарынын катышуусунда өтөт.
Жолугуушуда ишкер айымдар мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен кызматташтыктын кыйынчылыктары жөнүндө тажрыйба алмашууга; салык боюнча катталуу,салыктарды башкаруу, салык отчётторун тапшыруу жана текшерүү боюнча процедуралык суроолор жөнүндө спикерлерден толук маалымат алыгууга; интеллектуалдык менчик, соода маркаларды катоо боюнча процедуралар менен талаптар, жана алардын пайдалуу жактары жөнүндө толук кандуу маалымат алууга жетишишти.
Жолугуушунун аягында “Аялдардын чакан жана орто бизнестеги лидерлиги” программасынын Бизнес план конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү аземи болуп өттү. Конкурстун баардык жеңүүчүлөрү жеке техникалык консультация жана насыят ала алышат, жана эки тараптуу визиттер менен тажрыйба алмашууларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
USAID каржылаган «Аялдардын чакан жана орто бизнестеги лидерлиги» программасы ACDI/VOCA уюму, «Бай-Тушум» банктар тобу менен биргеликте ишке ашырылып жатат. Бул Программа өлкөнүн баардык жагында 750 ишкер айымдардын бизнесин өсүүсүнө колдоо көрсөтөт.Программанын негизги максаттарынан бири бул – ишкер аялдардын социалдык капиталын сатып алуучулар, жабдыктар жана материалдар менен камсыз кылуучу ишканалар, бизнес-ассоциациялар жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар менен байланыштарын жакшыртуу болуп саналат. Жыйынтыгында, программа чакан жана орто бизнестеги ишкер аялдардын санынын көбөйүшүн максат кылат.
«Аялдардын чакан жана орто бизнестеги лидерлиги» программасы Америка элинин АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) берешен колдоосу менен ишке ашып жаткан көптөгөн программалардын бири болуп саналат. http://www.wlsme.kg/
http://www.acdivoca.org/site/ID/Microsite-Kyrgyzstan-WLSME-Kyrgyz
http://www.acdivoca.org/site/ID/Microsite-Kyrgyzstan-WLSME-Russian
Улуу Британия жана Швейцария өкмөттөрү тарабынан каржыланган,Орто Азияда салык салуу суроолору боюнча IFC Проекти МСКна рисктин факторлоруна баа берүү жана анализдин негизинде аудит системасын жана электрондук эсеп-кысапты киргизүүдө, КНС боюнча эсеп-кысапты жөнөкөйтүүлүдө жана МСБны реформалоодо кол кабыш кылып келет. Кошумча маалымат үчүн www.ifc.org сайтына кириңиз.