2013-жылдан тартып Америка Кошмо Штаттары Орто жана жакын аралыктагы өзөктүк курал тууралуу келишим (INF) Россия тарабынан бузулуп келгендиги жөнүндө кайталап билдирип келген. Мындай аракеттерге карабастан россиялык расмийлер АКШны чочулаткан маселелерди олуттуу талкуулоодон баш тартышкан. Россиянын келишимди одоно бузгандыгынан улам, эгерде Россия келишимди толугу менен жана ишенимдүү аткарууга кайтып келбесе, Кошмо Штаттары 2019-жылдын 2-февралынан тарта келишимдин шарттарын аткарууну токтотот.
Россия бир нече ирет келишимдин шарттарына туура келбеген ракета (НАТОнун түркүмдөргө бөлүүсүндө: SSC-8, Россиядагы аталышы: 9M729) тууралуу билдирүүлөрүн өзгөртүп келген. Төрт жылдан ашуун аралыкта Россия ракетанын бар экендигин мойнуна албай, ракета кайсыл жерде сынактан өткөндүгү аны кандай ишканалар иштеп чыккандыгын АКШ көрсөткөнүнө карабастансө, Россия ракета тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Биз ракетанын россиялык аталышын аныктап коомчулукка жарыялаган соң гана Россия ракетанын бар экендигин мойнуна алган.
2014-жылдан тартып АКШ, Россиян тарабынан Орто жана жакын аралыктагы өзөктүк курал тууралуу келишим (INF) бузулгандыгын талкуулоо үчүн ар тараптан чакырылган техникалык адистердин беш жыйынын уюштурган. Ал жыйындардын ар биринде Кошмо Штатары Россияга анын ракетасы келишимди бузуп жаткандыгы тууралуу билдирип, Россиянын бузуулары тууралуу толук маалымат берип, аны келишимди карманууга кайтып келүүгө чакырып, тынчсызданууларыбыздын өтө маанилүү табиятын баса белгилегенбиз. Эгерде Россия келишимди карманууга кайтып келгиси келсе, анын алдында так жана анык жол көрүнүп турган.
Кошмо Штаттары Орто жана жакын аралыктагы өзөктүк курал тууралуу келишимдин (INF) шарттарынан четтебей аткарып келет, жана шериктештерибиз жакында эле, НАТО саммитинде 2018-жылдын июнь айында аны тастыкташкан. Россиянын жер үстүндө жайгаштырылуучу канаттуу ракета тууралуу АКШ жолдогон жүйөлүү суроолоруна так жооп берүүдөн баш тартканына карама каршылыкта, АКШ Россияны эмне себептен Кошмо Штаттары келишимди аткарып келгендиги тууралуу толук маалымат менен камсыз кылган. Кошмо Штаттары ал маалыматтын бир бөлүгүн ал турсун жалпы коомчулукка, анын ичинде Малекеттик департаменттин веб-баракчасындагы маалымат бюллетенинде да ачыктап берген.
АКШ Мамлекеттик катчысы Майкл Помпео НАТОнун баш-кеңсесинде 4-декабрда мындай деп билдирген: «Бул келишимдин жардамы менен буга чейин кандай гана ийгиликтерге жетишкен болсок да, бүгүн биз Россиянын куралга көзөмөл кылуу боюнча өз милдеттерине суукуйдулук кылып жатканына каршы турушубуз керек… 2013-жылдан тартып, биз Россиянын жогорку даражадагы жетекчилигин чейин жетип, бул маселени кеминде 30 ирет көтөрүп, милдеттерди аткаруудан баш тартуунун кесепеттери болот деп билдиргенбиз».
«Америка мыйзамдын жогорулугун туу тутат. Биз милдеттерди алганда, биз аларды аткарууга милдеттенебиз. Биз ушундай эле кадамдарды, кайсыл жерде болбосун, келишимдер боюнча бардык өнөктөштөрүбүздөн күтөбүз, жана аларды иштери менен сөзү адашса жоопкерчиликке чакырабыз», – деп кошумчалаган Помпео.
Күчүнө 1988-жылы кирген Орто жана жакын аралыктагы өзөктүк курал тууралуу келишим (INF) 500дөн 5500гө чейин аралыктагы америкалык жана советтик жер үстүндө жайгаштырылган баллистикалык жана канаттуу ракеталардын жана аларга байланышкан учуруучу жабдыктардын, көмөктөшүүчү курулуштардын жана шаймандардын келишим күчүнө киргенден кийин үч жыл аралыгында жок кылууга милдеттендирет. Толугураак маалымат алуу үчүн https://kg.usembassy.gov/ баракчасына баш багып көрүүңүздү өтүнөбүз.