Flag

An official website of the United States government

Кыргыз Республикасында балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча “WE CARE” долбоору башталды
Тарабынан
5 МИНУТ ОКУЛДУ
October 31, 2023

2023-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында WE CARE: Балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоордун расмий ачылышы болуп өттү. 3 миллион АКШ доллар каражаты менен ишке ашырыла турган бул долбоор  мектепке чейинки курактагы балдардын сапаттуу өнүгүү жана балдарды эрте куракта өнүктүрүү мекемелерди түзүү аркылуу ишкер аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. 

WE CARE долбоору Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен Ага Хан фондусунун кызматташуусунун негизинде  ишке ашырылат. Кийинки үч жылдын ичинде долбоор 100дөн ашык балдарды эрте куракта өнүктүрүү мекемелерине жардам көрсөтөт жана 700дөн ашык мугалимдерди жана тарбиячыларды окутат. Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева долбоордун Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүдө долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи. 

 «Билим берүү жана илим министрлиги балдарды эрте өнүктүрүүгө багытталган  программаларды колдогон баардык демилгелерди формасына карабай жеке менчикпи же мамлекеттикпи ар дайым кубаттайт жана колдоого алат». 

АКШнын  Кыргыз Республикасындагы элчиси Элчи Лессли Вигери балдарга кам көрүү жана эрте билим берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, аталган долбоордун ачылышы 29-октябрда белгиленүүчү биринчи Эл аралык камкордук жана колдоо күнүнө туура келип жатканын белгиледи. 

«Бул өлкөдө АКШ Кыргызстандагы аялдардын жана балдардын көйгөйлөрүнө анча маани бербейт дегендер бар.  Ден-соолукка жана билимге көңүл бурган We CARE жана башка ушул сыяктуу программалар бул аргументтин канчалык жалган экенин көрсөтүп турат. Сапаттуу балдарга кам көрүү мүмкүнчүлүгү биздин келечекке салынган инвестиция болуп саналат. Америка Кошмо Штаттары гүлдөп-өскөн жана демократиялуу өнөктөштөрдү көргүсү келет “, – деди Элчи Вигери. 

Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун башкы директору Давлатсултон Доргабекова  WE CARE долбоору Кыргыз өкмөтүнүн 2020-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясына кандай салым кошо тургандыгы тууралуу ой-пикири менен бөлүштү. 

“Бул долбоор аркылуу Кыргыз Республикасынын аялдары эрте жаштагы балдарды өнүктүрүү чөйрөсүндө туруктуу ишкер болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болоруна бекем ишенебиз, бул аларга экономикалык көз карандысыздыкка гана эмес, ошондой эле экономикалык өнүгүүгө олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, бул долбоор Кыргыз Республикасында сапаттуу мектепке чейинки билим берүүнү колдоо менен балдардын жаркын келечегине кошкон салымы болуп саналат”.  

Долбоор келерки үч жылда ишке ашырылат жана балдардын эрте өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө жана ушул тармакта кызматтарды жакшыртууга жана Кыргыз Республикасындагы ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошот. 

WE CARE долбоору жана анын келечектеги иш-чаралары тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз: 

 Жыпара Ташмаматова, Ага Хан Фондунун балдарды эрте куракта өнүктүрүү программасынын жетекчиси 0773 960 537. 

####