АКШ визасы
Визага тапшыруучулардын бардыгы DS-160 виза анкетасында көрсөтүлгөн өздүк маалыматын КЫЛДАТТЫК менен текшерүүгө тийиш. Туура эмес көрсөтүлгөн маалымат виза берүүнү бир топ убакытка создуктурушу мүмкүн же кайрадан консул менен маектешүү өткөрүүнү талап кылышы мүмкүн.
Биометриялык маалыматтардын талдоого алынышына байланыштуу консулдук бөлүм визаны маектешүү болгон күнү бере албайт. Визага тапшыруучулардын бардыгы визага алдын ала кайрылууга тийиш. Билеттердин сатып алынышына байланыштуу тездетилген маектешүү дайындалбайт. Колуңузда виза болмоюн, билеттерди сатып албаңыз.
Бишкекте виза алуунун жол-жобосу
Виза алуу үчүн:
1-кадам.
Паспортуңузду текшериңиз:
• Паспортуңуз сиз АКШдан чыгып кеткенден кийин дагы 6 ай убакытка чейин жарактуу болууга тийиш. Мисал үчүн, эгерде сиз АКШга март айында 1 айга барам десеңиз, анда паспортуңуз жок дегенде октябрга чейин жарактуу болууга тийиш.
• Паспортуңузда виза үчүн жок дегенде бир бош барак болуш керек.
• Кыргыз жарандарынын паспорту 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорт болушу зарыл.
2-кадам.
DS-160 виза анкетасын толтуруш жана консул менен маектешүүгө жазылыш үчүн бул жерди басыңыз:https://evisaforms.state.gov/default.asp?postcode=bkk&appcode=3
3-кадам.
Белгиленген күнү жана саатта Консулдук бөлүмгө келип, документтерди тапшырып, консулдук төлөмдү төлөп, консул менен маектешүүдөн өтүңүз.
4-кадам.
Эгерде сиздин маектешүүңүз өтүп, визаңыз дүйшөмбүдө, шейшембиде же шаршембиде берилсе, сиз паспорт алуу үчүн жума күнү саат 14:30да консулдук бөлүмдүн кире беришине төлөм квитанциясы менен келип паспортуңузду алып кете аласыз.
Эгерде сиздин маектешүүңүз өтүп, визаңыз бейшемби же жума күнү берилсе, сиз паспорт алуу үчүн кийинки жуманын шаршемби күнү саат 14:30да консулдук бөлүмдүн кире беришине төлөм квитанциясы менен келип паспортуңузду алып кете аласыз.
Колуңузда виза болмоюн, АКШга боло турган сапарыңыз үчүн төлөбөшүңүз керек. Эгерде мындай кыла турган болсоңуз, анда АКШ Элчилигинин Консулдук бөлүмү мүмкүн болуучу жоготууларыңызга жооптуу эмес. Ошондой эле, АКШга кетүү күнүңүз белгилүү болгонуна байланыштуу эле сизге кезексиз маектешүү дайындалбайт.
Визадагы маалымат
АКШ визасы виза категориясын, визанын мөөнөтүн жана АКШга кирүүгө канча жолу уруксат берилген маалыматты камтыйт. Визанын мөөнөтү виза ээсинин АКШда болуу убакытын аныктабайт, болгону АКШга КИРҮҮГӨ уруксат берилген акыркы убакытты билдирет. Ал эми виза ээсинин АКШда болуу убакыты Иммиграция кызматынын өкүлү тарабынан АКШга кирүү портунда аныкталат.
Иммиграциялык эмес визалардын баасы
Иммиграциялык эмес визаларды алууда эки төлөм төлөнөт.
Кыргыз жарандары визаларды алууда төмөнкү төлөмдөрдү төлөйт:
(2019 жылдын 7 чи августунан баштап жарактуу).
Виза түрү | Визаны даярдоо баасы (консулдук төлөм) |
Мөөнөтү | Кошумча (виза төлөмү) |
B1
B2 B1/B2 |
$160
$160 $160 |
60 айга көп жолу кирүүчү
60 айга көп жолу кирүүчү 60 айга көп жолу кирүүчү |
$45
$45 $45 |
J и M | $160 | 3 айга бир жолу кирүүчү
6 айга көп жолу кирүүчү 12 айга көп жолу кирүүчү |
$0
$25 $45 |
F | $160 | 12 айга көп жолу кирүүчү | $0 |
I | $160 | 12 айга көп жолу кирүүчү | $30 |
C | $160 | 3 айга
бир жолу кирүүчү |
$0 |
D | $160 | 12 айга көп жолу кирүүчү | $0 |
O, P, Q | $190 | 3 айга бир жолу кирүүчү
6 айга көп жолу кирүүчү 12 айга көп жолу кирүүчү |
$0
$25 $45 |
L | $190 | 12 айга көп жолу кирүүчү | $0 |
R | $190 | 12 айга көп жолу кирүүчү | $0 |
H-1B | $190 | 12 айга көп жолу кирүүчү | $0 |
H-4 | $190 | 12 айга көп жолу кирүүчү | $0 |
E | $205 | 3 айга
эки жолу кирүүчү |
$0 |
Консулдук төлөмдү толук суммасын бир валютада гана алабыз, мисалы: 100 доллар анан калган 60 долларды сом менен төлөсө болбойт.
Бул төлөмдөн төмөнкү расмий виза категорияларына тапшыруучулар бошотулат: A1, A2, C2, G1, G2, G3, G4 жана J1 виза категориясына тапшыруучу АКШ Мамлекеттик департаментинин алмашуу программаларынын катышуучулары.
АКШга көп жолу кирүүчү визаны алууда ийгиликтүү маектешүүдөн кийин кошумча төлөмдү Консулдук бөлүмдө АКШ доллары же алмашуу курсу боюнча сом менен төлөө керек.
Виза бербөө
Эгерде сизге виза берилбесе, анда сиз кайрадан виза алууга кайрылсаңыз болот. Бирок Кыргыз Республикасы менен болгон тыгыз социалдык жана экономикалык байланышыңызды же жашоо шартыңыздын өзгөрүшүн далилдей турган кошумча же жаңы маалыматсыз кайрылууга сунуштабайбыз.
Эгерде сизге виза берилбесе, анда сиз төлөгөн көнсулдук төлөм кайтарылбайт.
“Иммиграция жана натурализация жөнүндөгү” мыйзамдын 214(b)-беренеси боюнча виза бербөө тууралуу кошумча маалыматты http://travel.state.gov интернет барагынан Visa Denials (Виза бербөө) бөлүгүнөн караңыздар.