Иммиграциялык эмес визалар: Окуу жана тажрыйба алмашуу

Жайкы жумуш жана саякат программасы

 

Жайкы жумуш жана саякат программасы боюнча жогорку билим алып жаткан студенттер жайкы каникул учурунда Америка Кошмо Штаттарына иштөө жана саякаттоо үчүн бара алышат. Катышуучулар программага бир нече жолу кабыл алынышы мүмкүн. Программанын максималдуу узактыгы – үч ай.

Кыргыз Республикасы үчүн программаны өткөрүү мөөнөтү 1-июндан 31-августка чейин.

Бул үч айлык мөөнөттө студенттерге иштөөгө уруксат берилет.

Студент программага ийгиликтүү катышуу үчүн англис тилин жетиштүү деңгээлде билиши зарыл, өз өлкөсүндөгү аккредитацияланган жогорку билим берген окуу жайында толук убакытта окушу керек.

Кесиптик окуу жайлардын студенттери катышууга укугу жок.

Сырттан окуу бөлүмдөрүнүн студенттери бул программага коюлган талаптарга жооп беришпейт.

  • Толтурулган DS-160 формасындагы визага арызды тастыктоо барагы.
  • Ак фондо түстүү сүрөт (бирөө,өлчөмү 5см x 5см).
  • Учурдагы студенттик статусу жөнүндө университеттин справкасы.
  • Паспорттун көчүрмөсү.
  • DS-2019 формасы.
  • SEVIS төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.
  • Жумуш контрагы.
  • Паспорт
  • Зачетная книжка.
  • $160 Консулдук төлөм (толук сумма бир валютада:кыргыз сому же АКШ долларында гана алынат).

 

Программанын координаторлору визасы бар паспортторду бекитилген графикке ылайык ала алышат.

Бардык студенттер АКШда жүргөндө өз укуктары тууралуу билиш керек. Эгерде Уилберфорс мыйзамын окугандан кийин өз укугуңар тууралуу кандайдыр бир суроолоруңар болсо, анда Элчиликтеги маектешүү учурунда сөзсүз сурагыла, суроолоруңарга консул жооп бергени даяр.

Өз укугуңар тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн “Rights, Protections and Resources Pamphlet” баракчасын окуңуздар:

Англис тилинде

Орус тилинде

Төмөндө АКШнын Бишкектеги элчилиги текшерген жергиликтүү агенттиктердин тизмеси келтирилген. Төмөндө көрсөтүлгөн даректер боюнча жайгашкан агенттиктерге,жайкы жумуш жана саякат программасына кызыккан студенттерди АКШнын Бишкектеги элчилигине маектешүү үчүн алып келүүгө уруксат берилет. Бул мекемелердин башка кеңселери же жайгашкан жерлери катталган эмес.

Эгерде сизди  Жайкы жумуш жана саякат-2022 программасы кызыктырса, төмөндө көрсөтүлгөн жергиликтүү агенттиктердин бирине кайрылыңыз. Эгерде сиз студент болсоңуз жана сиздин жергиликтүү мекемеңиз төмөндөгү тизмеде жок болсо, сиз АКШнын Бишкектеги элчилигинде маектешүүгө кабыл алынбайсыз.

АКШнын Бишкектеги элчилиги эч кимге эч кандай артыкчылык бербейт,тизме алфавиттик тартипте берилет:

 

– Bitravel: Бишкек, Горький көч., 113.

тел: +996 0550143131, 0501143131

Эл.почта: bitravel.wt@gmail.com

 

– Edtech International

Көчөсү: Ахунбаева 119а Бөлмө № 2 (Подвал)

тел: +996 0708 678-678, 0755 210-120

 

эл. почта: edtechint@gmail.com
вебсайт: www.edtechint.info

 

Жайкы жумуш жана саякат программасы тууралуу кошумча маалымат үчүн Билим берүү жана маданий программалар бюросунун интернет барагын караңыздар http://exchanges.state.gov/jexchanges/programs/swt.html.