Бишкектеги АКШ-нын элчилиги иммиграциялык визаларды берүү процессин баштайт
Бишкектеги АКШнын элчилиги 2016-жылдын 14-ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын тургундарына иммиграциялык визаларды берүү процессин баштайт.
Иммиграциялык визаны петициянын негизинде алуучу талапкерлерге жана “Ар-түрдүү улутта болгон иммигранттар үчүн виза” программасынын (“Грин кард” лотереянын) жеңүүчүлөрүнө мындан кийин маекти же медициналык текшерүүнү өтүш үчүн Алматы шаарына барыштын кереги жок. Талапкерлер иммиграциялык визаны алуу процедурасын жана медициналык текшерүүнү Бишкектеги АКШнын элчилигинде өтө алышат. Медициналык текшерүүнү АКШнын элчилиги дайындаган даарыгерлерден гана өтсө болот. Мындан тышкары, Бишкек шаарында талапкерлерге консул менен маектешүүнү англис, кыргыз же орус тилдеринде өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
2016 жылдын 14-ноябрына чейин маектешүүнү өткөн же маектешүүгө жазылган талапкерлер иммиграциялык виза алуу процедурасын Алматыдагы консулдук бөлүмүндө улантуусу зарыл. Бишкектеги АКШ элчилигинен электрондук дарегине жеке билдирүү алгандардан сырткары. 14-ноябрдан баштап АКШ элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттагы жарандарына маектешүүнү өткөрүүнү автоматтуу түрдө пландаштырууну баштайт. Талапкерлер иммиграциялык визаны алуу процедурасы боюнча суроолор менен Консулдук бөлүмгө электрондук дарек аркылуу кайрылса болот: BishkekIV@state.gov
Иммиграциялык визага тапшыруунун жол жобосун бул шилтемеден карасаңыз болот.
Көп кездешүүчү суроолор
Кайсы бир документим жетишпесе эле виза алуунун талаптарына жооп бербей, виза алалбаймынбы?
Визага тапшыруучулар виза анкетасы менен кошо төмөнкү документтерди тапшырат: жумушунан кат, банктан маалымкат, чакыруу каты, мүлккө укук берүүчү документтер ж.б.у.с. Ар бир визага тапшыруучунун шарты өзүнчө болгондуктан жашаган өлкөсү менен болгон байланыштарды далилдөөчү документтердин жалпы тизмесин түзүү мүмкүн эмес.
Виза берүү тууралуу чечимди консул бир гана документтердин негизинде кабыл албайт. Консулдун чечими бир канча факторлордун негизинде кабыл алынат. Виза бербөө чечими кайсы бир документтин жоктугуна байланыштуу эмес, визага тапшыруучунун жашаган өлкөсү менен болгон байланыштары тууралуу далилдердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынат.
Бирок мен консулга бардык документтеримди бердим го...
Документтер сиздин сапарыңыздын максатын түшүндүрүүгө жана АКШда мыйзамсыз негизде калып калууга ниетиңиз жок экендигине консулду ынандырууга жардам берет. Документтерди тапшыруунун өзү виза берилишине кепилдик бербейт. Консул документтериңизди карап чыккандан кийин өлкөдөгү саясий, экономикалык жана маданий кырдаалды эске алып, сиз менен маектешүү өткөрдү. Жеке жашооңуздагы, кесиптик же финансылык шарттарыңыз өзгөрмөйүн, өлкөңүз менен болгон тыгыз байланыштар тууралуу документ түрүндөгү далилдерди көрсөтө албайсыз.
Мени чакырган адам АКШда мыйзамсыз негизде калып калса эле виза алуунун талаптарын жооп бербей, виза алалбаймынбы?
Жок. Визага болгон арызды кароодо консул иммиграциянын үй-бүлөлүк мүнөзүн эске алаары менен сиздин арызыңыз АКШдагы бара турган адамыңыздын абалынын негизинде эмес, сиздин жеке шартыңыздын негизинде каралды.
Эмне үчүн маектешүү мынчалык кыска болду? Менимче консул арызымды караганга жетишээрлик убакыт бөлгөн жок.
Маектешүүнүн узактыгы ар кандай болушу мүмкүн, анткени ар бир визага тапшыруучунун жеке шарты ар башка.
Маектешүү убагында визага тапшыруучунун жашаган өлкөсү менен болгон тыгыз байланышын дароо билүү максатында консул атайын иштелип чыккан суроолорду берди. Консул АКШнын иммиграциялык мыйзамдарына кошумча жергиликтүү шарттарды дагы билет жана ар бир визага болгон арызга дароо баа берүү боюнча тажрыйбасы бар.
Эгерде мага виза берилбесе, анда консулдук төлөмдү кайтарып беришеби?
Сиз төлөгөн консулдук төлөм арызыңызды иликтөөгө жана кароого болгон төлөм болуп саналат жана маектешүүнүн жыйынтыгына карабастан кайтарылбайт.
АКШга болгон сапарымдын чыгымдарын демөөрчүм төлөйт жана өлкөмө кайтуум боюнча кепилдик берүүгө даяр...
Визага тапшыруучулардын билет, турак-жай жана тамак-ашына кеткен чыгымдарды көбүнесе демөөрчүлөрү төлөгөнүнө карабастан, демөөрчүлөр эмес, визага тапшыруучулар өздөрү виза алуунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Виза алуу үчүн качан кайрадан кайрыла алам?
Визага тапшыруучулар каалаган учурда виза алуу үчүн кайрадан кайрыла алышат. Бирок жеке шартыңыз, б.а. үй-бүлөлүк же кесиптик абалыңыз олуттуу түрдө өзгөрмөйүн кайрадан виза алуу үчүн кайрылууга кеңеш бербейбиз.
Кайрадан виза алуу үчүн кайрылганыңызда виза алуунун жол-жобосун башынан башташыңыз керек: жаңы виза анкетасын толтуруу, маектешүүнүн убакытын дайындоо жана кайрадан консулдук төлөмдү төлөө. Виза ээсине тиешелүү эрежелерди сактоо жана Кыргыз Республикасына кайтуу боюнча ниетиңиз бар экенин маектешүү учурунда далилдешиңиз керек.