An official website of the United States government
Official websites use .gov
A .gov website belongs to an official government organization in the United States.
Secure .gov websites use HTTPS
A lock (
) or https:// means you’ve safely connected to the .gov website. Share sensitive information only on official, secure websites.
АКШнын Бишкектеги элчилиги учурда иммиграциялык визанын бардык категориялары үчүн интервьюларды өткөрүүдө. Иммиграция жана DV-лотерея визасына талапкерлер маектешүүнүн тартиби жөнүндө кабарлоону күтүшү керек. Иммиграциялык жана ар түрдүүлүк визалары жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биздин иммигранттык виза баракчабызга баш багыңыз.
Украинанын иммигранттык визасына талапкерлер үчүн: Франкфурттун Башкы консулдугу – бул Украинанын иммиграциялык визасынын талапкерлерин, анын ичинде DV-лотерея жана Fianc(é)e (K-1) визасын алуу үчүн дайындалган кызмат. Варшавадагы элчилик бала асырап алуунун негизинде иммиграциялык виза алууну каалаган украиналыктар үчүн атайын кызмат болуп саналат. Бирок, украиналык талапкерлер иммиграциялык визаларды иштеткен каалаган постко которууну талап кыла алышат.
Бишкектеги элчиликке которууну талап кылуу үчүн ConsularBishkek@state.gov электрондук почтасы аркылуу биз менен байланышыңыз. Учурда АКШнын Бишкектеги элчилигинин иммиграциялык визаларды же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган талапкерлер үчүн DV-лотерея визасын кабыл алуу мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү.
Бишкектеги АКШнын элчилиги 2016-жылдын 14-ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын тургундарына иммиграциялык визаларды берүү процессин баштайт.
Иммиграциялык визаны петициянын негизинде алуучу талапкерлерге жана “Ар-түрдүү улутта болгон иммигранттар үчүн виза” программасынын (“Грин кард” лотереянын) жеңүүчүлөрүнө мындан кийин маекти же медициналык текшерүүнү өтүш үчүн Алматы шаарына барыштын кереги жок. Талапкерлер иммиграциялык визаны алуу процедурасын жана медициналык текшерүүнү Бишкектен өтө алышат. Медициналык текшерүүнү АКШнын элчилиги дайындаган даарыгерлерден гана өтсө болот. Мындан тышкары, Бишкек шаарында талапкерлерге консул менен маектешүүнү англис, кыргыз же орус тилдеринде өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
2016 жылдын 14-ноябрына чейин маектешүүнү өткөн же маектешүүгө жазылган талапкерлер иммиграциялык виза алуу процедурасын Алматыдагы консулдук бөлүмүндө улантуусу зарыл. Бишкектеги АКШ элчилигинен электрондук дарегине жеке билдирүү алгандардан сырткары. 14-ноябрдан баштап АКШ элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттагы жарандарына маектешүүнү өткөрүүнү автоматтуу түрдө пландаштырууну баштайт. Талапкерлер иммиграциялык визаны алуу процедурасы боюнча суроолор менен Консулдук бөлүмгө электрондук дарек аркылуу кайрылса болот: BishkekIV@state.gov
Иммиграциялык визага тапшыруунун жол жобосун бул шилтемеден карасаңыз болот.
Сураныч, байланышыңыз: : (55) 8526 2561
Иш убактысынан тышкары, байланышыңыз: (55) 5080 2000
[Өлкөдөн] : 844-528-6611
Тез байланышуу - Бардык жерлерден Саякат эскертүүлөрүн алуу Ата-энелер балдарын эл аралык деңгээлде уурдоосу АКШнын жаранын камакка алуу АКШнын жаранынын өлүмү Кылмыштын курмандыктары Тез каржылык жардам