Визалар

***Кулактандыруу: Америка Кошмо Штаттарына кирүү үчүн учурдагы саякат талаптары бул жерде жеткиликтүү. 

COVID-19 

Иммигранттык эмес визалар

АКШнын Бишкектеги элчилиги иммиграциялык эмес визалар үчүн кадимки виза кызматтарын калыбына келтирди. Учурда биз жергиликтүү шарттарга, ресурстарга жана коопсуздукка байланыштуу көптөгөн жолугушууларды сунуштап жатабыз. Биз бардык талапкерлерди чектөөлөрдү эске алып, эрте кайрылууга чакырабыз. Дайындоолор мүмкүнчүлүккө жараша кезеке туруу негизинде жеткиликтүү болот. Иммиграциялык эмес визага маектешүү үчүн жолугушууну дайындоо үчүн, биздин онлайн дайындоо системасын колдонуңуз. Шашылыш жолугушуулар өтө чектелген негизде жеткиликтүү жана ConsularBishkek@state.gov электрондук почтасы аркылуу суралышы зарыл.

Эгерде сиз Кыргызстандын жараны эмес же резидент эмес болсоңуз жана иммиграциялык эмес визаны дайындоону кааласаңыз, ConsularBishkek@state.gov дарегине “Жаран эмес/резидент эмес саякат” деген тема менен электрондук кат жөнөтүңүз. Электрондук катта сиз төмөнкүлөрдү камтышыңыз керек:

– Сиздин Америка Кошмо Штаттарына баруу максатыңыздын түшүндүрмөсү, анын ичинде биз карап чыгууну каалаган өзгөчө жагдайлар;

– Ар бир өтүнмө ээсинин DS-160 ырастоо баракчасынын көчүрмөсү (CEAC);

– Паспортуңуздун маалымат барагынын көчүрмөсү. Паспорттун жарактуу мөөнөтү пландалган кирүү датаңыздан кийин кеминде алты айга жарактуу болушу зарыл жана жок дегенде бир бош виза барагы болушу керек.

Биз сиздин өтүнүчүңүздү бош орун бар болушунун негизинде карайбыз. Эгерде сиз Кыргызстандын жараны эмес/резиденти эмес болсоңуз жана биздин онлайн пландоо программабызды колдонуп жолугушууну пландаштырсаңыз, жолугушууңуз жокко чыгарылып, сизге электрондук почта аркылуу кабарланарын эске алыңыз.

Визага кайрылгандар ошондой эле жолугушууларды кабыл алып жаткан бардык консулдуктарга же элчиликтерге кайрыла алышат. Башка жерлерде жолугушууларды пландаштыруу боюнча маалымат алуу үчүн https://travel.state.gov  дарегин караңыз.

Украинанын жарандары виза боюнча көбүрөөк маалыматты Мамлекеттик департаменттин Украинанын жарандары үчүн маалымат баракчасынан таба алышат.

Учурда АКШнын Бишкектеги элчилиги Кыргызстандын жарандыгы бар жеке адамдар жана/же ишканалар же Кыргызстандын резиденти болуп саналган үчүнчү өлкөнүн улуттук өтүнмөчүлөрү үчүн E визасынын арыздарын гана карайт. Эгерде сиз өзүңүздүн же бизнесиңиздин талаптарга жооп берерине ишенсеңиз, ConsularBishkek@state.gov дарегине электрондук кат жазып, жарандыгын же жашаган жерин тастыктаган документти тапшырыңыз. Эгерде консулдук бөлүм жарандыгы боюнча талаптар аткарылганын аныктаса, биз E-2 визасы менен маектешүү үчүн жолугушууну эң эрте мүмкүн болгон убакытта белгилейбиз жана маектешүү күнү жана убактысы жөнүндө сизге электрондук почта аркылуу кабарлайбыз. 

Иммиграциялык жана DV-лотерея визалары 

АКШнын Бишкектеги элчилиги учурда иммиграциялык визанын бардык категориялары үчүн интервьюларды өткөрүүдө. Иммиграция жана DV-лотерея визасына талапкерлер маектешүүнүн тартиби жөнүндө кабарлоону күтүшү керек. Иммиграциялык жана ар түрдүүлүк визалары жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биздин иммигранттык виза баракчабызга баш багыңыз.

Украинанын иммигранттык визасына талапкерлер үчүн: Франкфурттун Башкы консулдугу – бул Украинанын иммиграциялык визасынын талапкерлерин, анын ичинде DV-лотерея жана Fianc(é)e (K-1) визасын алуу үчүн дайындалган кызмат. Варшавадагы элчилик бала асырап алуунун негизинде иммиграциялык виза алууну каалаган украиналыктар үчүн атайын кызмат болуп саналат. Бирок, украиналык талапкерлер иммиграциялык визаларды иштеткен каалаган постко которууну талап кыла алышат.

Бишкектеги элчиликке которууну талап кылуу үчүн ConsularBishkek@state.gov электрондук почтасы аркылуу биз менен байланышыңыз. Учурда АКШнын Бишкектеги элчилигинин иммиграциялык визаларды же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган талапкерлер үчүн DV-лотерея визасын кабыл алуу мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү.

Иммиграциялык эмек визалар

АКШга кирүү үчүн чет өлкөлүк жаран американын визасын алуусу милдетүү. Бул виза саякатчынын паспортуна чапталат. Паспорт деген саякатчынын жарандыгын тастыктаган мамлекеттин наамынан берилген документ болуп эсептелет.
Тиешелүү талаптарга жооп берген учурда, айрым эл аралык саякатчылар АКШга визасыз кирүүгө укугу бар. Бул вебсайттын Виза бөлүмү АКШга жөнөп жаткан чет өлкөлүк жарандар үчүн визалар жөнүдө толук маалыматты камтыйт.
Эскертүү: АКШнын жарандарына саякаттануу үчүн визанын кереги жок, бирок башка мамлекеттерге барыш үчүн виза алуусу зарыл болушу мүмкүн. Мындай виза ошол мамлекеттин элчилиги тарабынан берилет.

Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги

Бишкек шаары, 720016, Тынчтык кең көчөсү 171

Электрондук адрес: Consularbishkek@state.gov

Америка Кошмо Штаттарынын кызыкчылыгын жогорку деңгээлде коргоо үчүн, Мамлекеттик Департаменти визалык процессин так жана адилеттүү алып барат. Биз маанилүү ачыктыкка милдеттенебиз, бул үчүн Кошмо Штаттары өзү белгилүү болуп келген. Америка Кошмо Штаттарына саякаттануусун биз кубанычтуу кабыл алабыз жана колдойбуз.

Визага тапшыруучуларга маалымат:

Виза берүү мүмкүн эмес болгон учурда да, биз сизге кадыр-барктуу жана сый мамилесин тартуулайбыз.

Биз сизге өзүнчө адам катары мамиле көрсөтөбүз, жана сиздин арызыңыз тең укутүү каралат.

Визага маектешүү сиз үчүн жаңы жана опузалоо тажрыйба экенин, жана сиз толкунданып турушуңуз мүмкүн экенин эске алабыз.

Маектешүү убактысын мүмкүн болгончо кыскартып, сиздин саякатка байланыштуу пландарыңызды жана ниетиңизди толук түшүнгөнгө аракеттенебиз.

Ишкерчиликке, окууга жана башка маанилүү милдеттенмелериңизге өз убагында сапар алуу үчүн, биздеги мүмкүн болгон ресурстарды колдонобуз.

Биз виза алуу талаптары жана анкетаны толтуруу тартиптери жөнүндө маалыматты так жана толук ар бир Элчиликтин жана Консулдуктун вебсайттарында жайгаштырабыз.

Биз ар бир Элчиликте жана Консулдукта иммиграциялык эмес визага маектешүү убактыларын  evisaforms.state.gov  интренет баракчасы аркылуу камсыздайбыз.

Визадан баш тартуу учурунда себебин келтирип беребиз.

Андан сырткары, эгерде сиз:

стундент болсоңуз, сиздин маектешүүгө убакыт алуу үчүн жана, талаптарга жооп берген учурда, визаңызды өз убагында алып окууга үлгүрүү үчүн ар бир аракетти жасайбыз.
Медициналык себептерге байланыштуу бара жаткан саякатчы үчүн өтө зарылдык учурда биз арыздарды тездетип караганга аракеттенебиз.

Ишкер саякатчы үчүн бизнеске байланыштуу сапарга көмөк көрсөтүүгө тиешелүү механизмин орундатабыз, жана америкалык бизнестин кызыкчылыгына тиешеси бар арыздарды тездетебиз.

Бирок, ошол эле мезгилде, биз визага тапгыруучудан төмөндөгүнү күтөбүз:

Саякатыңызды жана арызыңызды мүмкүн болушунча эрте пландаштырыңыз.
Арызыңызды толук жана так толтуруңуз.
Пландарыңыз жана максатыңыз жөнүндө айтып берүүгө даяр болуңуз.
Маектешүүдө ойлоруңузду ачык-айкын сүрөттөп берүүгө даяр болуңуз.