АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Консулдук бөлүмү учурда талаптын өсүшү менен бирге адистердин жетишсиздигин баштан кечирүүдө. Бул өз кезегинде имигранттык эмес визаларга болгон кайрылууларды кароого таасирин тийгизүүдө. Биз Кошмо Штатарына сапарга аттанган бардык кыргыз жарандарын иммиграциялык эмес визаларды алуу үчүн кайрылууларын болжолдонгон сапарына чейин эң кеминде алты жума мурун жолдоого чакырабыз. Бул кадам пландалган сапарга таасир этүү мүмкүнчүлүгүн болушунча азайтат. Шашылыш виза алууга болгон талапкерлер АКШнын Бишкектеги элчилигине төмөнкү дарек consularbishkek@state.gov боюнча байланышы абзел. Америкалык атуулдар жана иммиграциялык виза алууну каалагандарга таасири жок.
АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги бул пайда болгон кедергилик үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайт.