Бишкек – 18-февралда USAID Түркиядан келген туристтери боюнча изилдөөнүн бет ачарын өткөрдү. Изилдөө Борбор Азиядагы түрк маданий мураска негизделген туризмге өсүп жаткан кызыкчылык бар экендигин көрсөттү. Бул изилдөө АКШ тарабынан каржыланып, USAID-дин бизнести өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында туризмди өнүктүрүүгө багытталган иш-чара катары өткөрүлдү.
Башка көптөгөн нерселердин арасында Бурана, Аль Сарахи байыркы көрү жана Саймалуу Таш петроглифтери түрк туристтерин өзгөчө кызытырат. Изилдөөдө бозүйдө жашоо, көчмөндөрдүн оюндары жана кыргыз тамак-аштары, музыкасы Түркиядан келген конокторго кызыктуу болору айтылган. Андан тышкары, изилдөөнүн бетачарында, Түркиядан туристтердин келишине өбөлгө түзүү боюнча рекоммендациялар берилген.
Кыргызстандын туризм жааты үчүн Түркия чоң жана көбүнчө эле изилдене элек рынок болуп эсептелет. Ошону менен бирге, Түркиянын туроператорлору жаңы багыттарды ачууга кызыкдар. Изилдөөгө ылайык, 2014-жылы 8,3 миллион түрк жарандары иш жана эс алуу үчүн дүйнөнүн ар тараптарына сапар алышкан. Жыл сайын, 300 миңден ашуун түрк туристтери адаттагыдай эмес туристтик багыттарга барып турушат.
Бул изилдөөнү USAID “Эгемендик” аттуу кыргызстандык түрк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн бирикмеси менен бирге өткөрдү. Жакын арада USAID Кыргызстанды туристтик багыт катары түрк жарандары арасында белгилүү кылууга кызыкдар жактарды колдоону пландаштырып жатат.
АКШ USAID-дин “Бизнести өнүктүрүү боюнча демилгеси” долбоорун, жергиликтүү бизнестин, айрыкча туризм, кийим тигүү жанан курулуш материалдарын чыгаруу секторлорундагы ишканалардын атаандаштыгын күчөтүү үчүн колдоп келет. Бул төрт жылдык инициатива, АКШ Кыргыз Республикасынын көп жылдык экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүү үчүн колдоп келген бир нече долбоорлордун бири.