Жалал-Абад, Кыргызстан – Америка Кошмо Штаттары USAID-дин “Кургак учукту жеңебиз” долбоору аркылуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигине Жалал-Абад облусунда кургак учукту пацинтке ыңгайлуу болгон амбулатордук жол менен даарылоону кеңейтүүдө көмөк көрсөтүп жатат. Бул ыкма пацениенттерди дарылануудан калтырбай, коом тараптан стигманы азайтып, дарыланууга жумшалган каражаттарды үч эсе кыскартуу аркылуу кургак учукту эффективдүү дарылайт жана пациенттерге жардам берет.
Кургак учукту дарылоону жакшыртуунун ушул жана башка жолдорун, 29-февралда Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо системасын башкаруу боюнча координациялык комиссиясы талкуулады. Чогулушка КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, областтык, шаардык жана райондук администрациялардын, эл аралык уюмдардын, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо системасынын өкүлдөрү катышты.
USAID-дин “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун амбулатордук дарылоо боюнча адиси Эльмира Абдрахмнованын сөзү боюнча, Жалал-Абадда туберкулезду дарылоонун жаңы моделин киргизүү боюнча иш планы даяр. Бул ыкма Сузак районунун жана Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларынын негизинде иш жүзүндө текшерилет. Долбоордун алкагында, ал жерлердеги тиешелүү медициналык кызматкерлер GenXpert аппаратында бат диагностика боюнча, медициналык мекемелердеги инфекциялык көзөмөл жана амбулатордук дарылоонун принциптери боюнча окуудан өтүшкөн.
Амбулатордук дарылоонун эң негизги артыкчылыктарынын бири – ал пациенттин кадимки жашоосуна тоскоолдук кылбагандыктан, пациент экономикалык жактан активдүү болуп кала берет да, ага жана анын үй-бүлөсүнө каршы коомдук стигма азаят. Бул ыкманы кеңири колдонуу бейтапканалардагы инфекцияну жугузуу деңгээлин азайтууга көмөк болушу күтүлүүдө.
USAID-дин “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун негизги максаты – Кыргыз Республикасында кургак учукту азайтуу жана жогорку деңгээлдеги медициналык кызматка бейтарап жана баарына тең жол ачуу. Бул беш жылдык долбоор, өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасын күчөтүү жана өтө коркунучтуу орууларга каршы күрөшүү боюнча АКШ тарабынан колдоого алынган көптөгөн долбоорлордун бири.