Бишкек – Кыргызстан, АКШ жана башка эл аралык донорлор менен өнөктөшүү аркылуу, кургак учукка каршы күрөштө көпкө жетишти. Биргелешкен программалар кургак учукту кеңири жайылтуудан чектеп, оруулардын өлүмүн азайтып, жана дарыланууну жакшыртты. 2001-жылдан бери өлүмдөрдүн деңгээли 100 миң жаранга 27 кишиден жети кишиге чейин кыскарды. АКШ жана Кыргыз Республикасынын тыгыз кызматташтыгы аркылуу жаңы текшерилген ыкмалар ишке киргизилип, өлкөдө кургак учук менен ооругандардын 90%-дан көбү дарылануу менен камтылган.
USAID-дин техникалык жардамы менен Саламаттыкты сактоо министрлиги ар түрдүү деңгээлдеги ден соолук кызматтарынын арасында кызматташтыкты күчөтүп, кургак учукту дарылоонун эффективдүүлүгн жогорулата алды. Пациентке ыңгайлаштырылган ыкмаларды колдонуп, министрлик социалдык колдоо тармактарын түзүп, орууларга кургак учукту дарылоодон четтеп кетпөөгө жардам берип жатат.
Бул жааттагы кызматташтык эффективдүүлүгү жогору болгон амбулатордук дарылоо ыкмаларын киргизилишине алып келди. Амбулатордук түрдө дарыланып жаткан пациент бейтапканада айлар бою жатпайт да, өзүнө жакын поликлиника же бейтапканага кез кези менен келип дары алып турат. Бул ыкма бейтапканага жатуу менен байланышкан стигманы азайтып, көбүрөөк пациенттердин дарыланууга болгон аракетине күч берет. Амбулатордук түрдө дарыланган пациенттер өз үй-бүлөсүнөн ажырабай, кадимкидей эле жашоону уланта беришет. Бул ыкма менен дарылоо бейтапканага узак мөөнөткө жатканга караганда үч эсе арзаныраак да болот.
USAID-дин жардамы менен сатылып алынган “GeneXpert” диагностика жабдуусу менен дарыгерлер пациент кургак учук менен оруганын дароо эле табып алышат. Ал эми, оруунун дарыга туруктуу формалары мурдакыдай эки айда эмес, эки саатын ичинде аныкталууда. Жеңил, бат жана эффективдүү диагностикалоо ыкмасы Кыргызстандын ар бир облусунда бар.
Бул жетишкендиктерге карабастан, кургак учуктун дарыга туруктуу формаларынын көбөйүшү, бейтапканаларда, поликлиникаларда жана лабораториялардагы кургак учук боюнча кызматтардын сапатынын төмөн болушу, инфекцияны көзөмөлдөө боюнча ыкмалардын начардыгы, кызматкерлердин жана акча-каражаттын жетишсиздиги, кургак учук менен оругандарга каршы социалдык стигма жана кемсинтүү, ВИЧ, диабет жана тамеки чегүү менен аралаш эпидемиялык кырдаал сыяктуу олуттуу көйгөйлөр да бар.
Бул көйгөйлөрдү чечүүдө, USAID “Кургак учукту жеңебиз” аттуу долбоору аркылуу Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү уланта берет. Бул беш жылдык долбоор – Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын күчөтүү жана кооптуу жугуштуу орууларга каршы күрөшүү боюнча АКШ колдогон көп долбоорлордун бири.