Бишкек – 8-август, 2019 – АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) ВИЧке каршы туруу боюнча Долбоор менен өнөктөштүктө “Чекке жеткенде” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземин өткөрүштү. Сүрөт көргөзмөсү 8-августтан 14-августка чейин Эмен багындагы Сүрөтчүлөр союзунун Көргөзмө залында өтөт. Бул коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
Сүрөт көргөзмөсү коомчулуктун мурда соттолуп чыккандарга карата терс мамилесин өзгөртүү максатын көздөйт. Сүрөттөрдү кыргызстандык сүрөтчү Алексей Осипов тарткан. Сүрөттөр мурда соттолгондор үчүн социалдык жатаканаларда жана алар жашаган жерлерде тартылган. Иргелип алынган сүрөттөр түрмө кызматкерлеринин, медициналык кызматтардын жана жарандык сектордун биргелешкен иши эркиндикке чыккандарга сергек жана үзүрлүү жашоого жардам бере турганын тастыктоодо.
Сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземине Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын, Юстиция министрлигинин, Республикалык СПИД борборунун, Республикалык наркология борборунун, Улуттук фтизиатрия борборунун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
USAIDдин миссиясынын директору Гэри Линден бул көргөзмөгө колдоосун билдирди: “Соңку беш жылдан бери биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында беш миңден ашуун соттолуучу ВИЧке тест тапшырып, консультация алышты. Биз адамдар абактан чыккандан кийин толук кандуу жана сергек өмүр сүрүшү үчүн алардын коомго ийгиликтүү адаптациялануусуна, өмүрдү сактаган дарыланууну улантуусуна жардам берип жатабыз”.
Көргөзмөнү USAIDдин финансылык колдоосу алдында ВИЧке каршы туруу боюнча Долбоор уюштурду. Аталган долбоорду AFEW-Казакстан ишке ашырып келүүдө. ВИЧке каршы туруу боюнча долбоор бул илдеттин алдын алуу боюнча иштерди колдоп, соттолуучулар жана абактан чыккандар үчүн дарыланууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.