Кыргызстандын төрт туристтик аймактардын өкүлдөрү «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» (BGI) долбоорунан колдоо алышат. BGI долбоору 2015 жылдын феврал айында туристтик кызматтарды көрсөткөн, жергиликтүү администрацияларды жана башка кызыкчылыгын көрсөткөн уюмдарды туристтик аймактарды өнүктүрүү идеялары менен заявкаларды тапшырууга чакырды. Заявкаларда туристтик кызматтарды жана продукттарды жакшыртуу, көрсөткүчтөрдү ондоо, инфраструктураны жакшыртуу, туристтик аймактарды өнүктүрүү жана башка иш чаралар сунушталган.
Конкурстун женүүчүлөрү:
- Консорциум «Каракол Риверпарк», Ыссык-Көл аймагы – долбоор дарыянын жээгиндеги аймакты жакшыртууга, паркта маданий фестивалдарды уюштурууга жана аларды колдоого багытталган.
- Консорциум «Бурана», КСО Орто Азия, Чүй аймагы – долбоор көрсөткүчтөрдү ондоого, санитардык шарттарды жакшыртууга жана тогузунчу кылымда курулган маанилүү тарыхый эстелике баруу практикасын иштеп чыгарууга багытталган.
- Консорциум «Ош и Шелковый путь», Ош-трэвел, Ош аймагы – долбоор көрсөткүчтөрдү ойлоп табууга, туристтик кызматтарды жана продукттарды жакшыртууга, ошондой эле туристтерди Жибек жолдун аймагында жайгаштырууга багытталган.
- Консорциум «Жыргалан», Ыссык-Көл аймагы – долбоор аймакты өнүктүрүү боюнча иш чараларды өткөрүүгө, инфраструктураны жана мейманканаларды, Караколдон 50км жакын жайгашкан тоо лыжа курортту жакшыртууга багытталган.
Бул долбоорлор өлкөнүн ар бир аймагынан келген 50 заявкалардын ичинен бир нече конкурс тепкичтеринен өтүп BGI долбоору тарабынан тандалган. Сунушталган иш чаралар жергиликтүү калктын кирешесин көбөйтүүгө жана жалпысынан Кыргызстандын туризм тармагын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт.
Сапаттуу даярдалган заявкалардын саны көп болгондуктан BGI долбоору кичи гранттарды берүү боюнча иш чараларын алып баруусун көздөйт. Бул кичи гранттар туристтик аймактарды жакшыртуу программасына тандалбай калган кошумча группаларга берилет. Келечекте конкурстан өтпөй калган катышуучулар BGI долбоорунун башка өнүгүү программаларына техникалык жардам алууга заявкаларын тапшыра алышат.
Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси – бул бизнестин өсүшүнө, жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасында жайгашкан фирмалардын жана баа чынжырчаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн түзүүгө жана бекемдөөгө багытталган төрт жылдык, көп кырдуу долбоор.
http://www.usaid.gov/ru/news-information/fact-sheets/business-growth-initiative