USAID-дин колдоосу менен Ошто Агро Экспо “Жибек жолу 2016” көргөзмөсү өтүп жатат

Ош, Кыргызстан – 12-чи эл аралык Агро Экспо “Жибек жолу 2016” көргөзмөсү Ош Улуттук драма театрында 25-27 февралда өтөт. “Жер азыгы” Кыргызстандын агроишкерлеринин ассоциациясы бул көргөзмөнүн АКШнын USAID аркылуу көрсөткөн жардамы менен уюшутуруп жатат. Анын негизги максаты – технология жана билим алмашуу аркылуу айыл чарбаны жана сооданы көтөрүү. “Жер азыгы” бул көргөзмөнү 2004-жылдан бери уюштуруп келет.

Уюштуруучулардын айтымында, Агро Экспо “Жибек жолу 2016” Борбор Азиянын айыл чарба жаатындагы эң ири маарекелердин бири болуп саналат. Бул көргөзмөдө Кыргызстандын, Россиянын, Казахстандын, Голландиянын, Турциянын, Германиянын, Швейцариянын, Финляндиянын, Франциянын, Индиянын, Китайдын, Япониянын, Пакистандын, АКШнын, Испаниянын жана башка өлкөлөрдүн компанияларынын өкүлдөрү катышат. 2015-жылы бул көргөзмөгө 3 миңден ашуун адам катышып, дыйкандар жана агро-бизнестин ортосунда жалпы эсеп менен 6,9 млн сомдук келишимдерге кол коюлду.

Көргөзмөдө жаңы технологиялар жана алдыңкы тажрыйба жөнүндө түрдүү семинарлар өтөт. Андан тышкары USAID-дин Агро Горизонт долбоору кулпунай, пияз, өрүк, көчөт, жүгөрү жана картошка өстүргөн майда дыйкандарга кандай жардам көрсөтөөрүн айтып берет.

USAID-дин Агро Горизонт долбоорунун негизги максаты – тандалган агро-сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, айрыкча бул иште аялдар жана жаштарга өзгөчө көңүл бөлүү аркылуу майда дыйкандардын кирешесин жогорулатуу. Бул долбоор USAID аркылуу Америка элинин колдоосу менен ишке ашкан көптөгөн долбоорлордун бири.

Суроолор боюнча Жибек Абдырамановага кайрылыңыз (+996 772 322249, e-mail zabdyramanova@acdivoca.kg).