USAIDдин өкүлү эки тараптуу кызматташтык келишимин алдын ала талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасына сапар тартууда

2019-жыл, 22-23-апрель (Бишкек) – АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча (USAID) Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн укуктук маселелер боюнча кеңешчиси Жеймс Келлехер эки тараптуу кызматташтык боюнча жаңы келишим түзүү аракеттерди илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасына келип кетти. Келлехер USAIDдин өкүчүлүгүнүн директору Гэрри Линден жана АКШ элчилигинин саясий жана экономика маселелер боюнча кеңишчиси Томас Сэлинджердин коштоосунда Кыргыз Өкмөтүнүн көптөгөн министрликтеринин өкүлдөрүн камтыган жоон тобу менен келишимдин негизги максаттарын талкуулады.

Келлехер мырзанын сапары президент Сооронбай Жээнбеков менен президент Дональд Трамптын эки тарапты тең ынандыраарлык Эки тараптуу кызматташтык келишимиди түзүү максатына карата акыркы кадам болуп эсептелет. Бул сапар эки тараптык мамилелерди бекемдөөгө, жана Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого арналган АКШ расмийлеринин сапарларынын уландысы.