USAID «Сапаттуу саламаттык сактоо» беш жылдык долбоорунун жыйынтыктарын көрсөтөт

12-майда, саат 10:00 USAID өзүнүн беш жылдык «Сапаттуу саламаттык сактоо» долбоорунун жыйынтыктарын көрсөтөт. 2010-жылдын сентябрында долбоор кургак учук, ВИЧ/СПИД, эне жана баланын ден соолугу жана Кыргыз Республикасында калктын ден соолугуна болгон башка коркунучтар жаатындагы саламаттык сактоо кызматтарын ишке ашырууну, каржылоону жана башкарууну жакшыртуу үчүн керектүү материалдарды жана жабдыктарды берген. Премьер-министрдин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү долбоордун өлкөнүн саламаттык сактоо системасына кошкон салымын жана долбоордун жүрүшүнөн алынган сабактарды талкуулашат. Иш-чара Бишкек шаарда Парк Отелинде болуп өтөт.

Кургак учук секторунда долбоор ТБ -GeneXpert® диагностиканын жаңы технологиясын колдонуп, эрте диагностикага жана натыйжалуу дарылоого багышталган КУ боюнча амбулатордук кызматтардын комплекстүү моделин демилгелеген. Долбоор өлкөнүн медициналык мекемелеринде инфекциялык контролдоо чараларын ишке киргизүүгө көмөктөштү жана далилдүү негизде кургак учук стандарттарын  иштеп чыгууга Саламаттык сактоо министрлигине колдоо көрсөттү. Долбоор лаборатордук кызматтардын сапатын жогорулатууга жана кургак учуктук дары-дармек каражаттарын бөлүштүрүүгө кыйла салымын кошту. «Сапаттуу саламаттык сактоо» USAID  долбоору калк арасында кургак учук жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн адвокация жана коммуникация боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөттү.

Эне жана баланын ден соолугу секторунда долбоор башка эл аралык уюмдар менен кызматташып, өлкөнүн бардык төрөт үйлөрүн камтыган натыйжалуу перинаталдык жардам боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) программаларын жүргүзүүгө колдоо көрсөттү. Долбоор бала курактагы ооруларды дарылоо боюнча ДССУ башка программаларын колдоп, ымыркайлардын жана балдардын стационардык дарылоосун жакшыртууга жардам берди. Долбоор эне жана баланын өмүрүн келечекте сактоого жардам бере турган маанилүү көнүмдөрдү медициналык кызматкерлерге көрсөткөн акушердик кабылдоолорду шашылыш дарылоо боюнча курсту өткөрдү.

ВИЧ секторунда долбоор ВИЧ инфекцияны алдын алуу жана дарылоо саясатын жана практикасын жакшыртууга жардам берди. Долбоор ВИЧ инфекциянын диагностикасына жана дарылоосуна байланыштуу медициналык жана социалдык кызматтарды көрсөтүүдө жарандык коом жана медициналык кызматкерлер ортосунда кызматташууга көмөктөштү. «Сапаттуу саламаттык сактоо» долбоору ВИЧтен жабыркаган адамдар үчүн кызматтар боюнча клиникалык колдонмолорду иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө жардам берди жана антибиотиктерди рационалдуу колдонууга көмөктөштү. Долбоор ВИЧ жана кургак учук менен жашаган адамдарга карата стигма жана дискриминацияны төмөндөтүү боюнча  иш жүргүзгөн.

«Сапаттуу саламаттык сактоо» долбоору аяктаса да, USAID Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүндө колдонуудагы бир катар программаларды ишке ашырып жатат. Ушул программалар жөнүндө деталдуу маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге кайрылгыла: http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic/global-health

Байланыштагы адам: Малабеков Жумабек, МжБ боюнча адис, «Сапаттуу саламаттык сактоо» долбоору

Тел.:+996 (312) 622204 Email: Jumabek_Malabekov@qhcp.net