USAID 16-июнда саат 9:00дөан баштап 13:00ге чейин Бишкек шаарындагы Жаннат мейманканасынын конференция-залында өтө турган, долбоорду жабууга арналган конференцияда АИВ жана кургак учук боюнча сүйлөшүү долбоорунун 5 жылдык ишинин жыйынтыктары менен тааныштырат. Долбоор АИВ жана кургак учук жугузуп алууга көбүрөөк кабылуучу калктын топторунун арасында, анын ичинде инъекциялык баңгилерди пайдалануучу адамдардын, абакта отургандардын, мигранттардын, ошондой эле АИВ менен жашаган адамдардын арасында жүрүм-турум моделдерин өзгөртүү аркылуу АИВ жана кургак учук жайылуусун кыскартууга багытталган. Долбоорду ишке ашыруу Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик, эл аралык жана коомдук уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Жалал-Абад областтарында жүргүзүлгөн.
АИВ жана кургак учук боюнча сүйлөшүү долбоору ар бир топтун керектөөлөрүнө жооп берген бир катар кызматтарды, анын ичинде маалыматтык кампанияларды, «тең-теңге» принциби боюнча билим берүү иш-чараларын, медициналык кызматтарга жана социалдык колдоо боюнча кызматтарга кайра багыттоону камсыздады.
Ошондой эле долбоор АИВ жана кургак учук жугузуп алууга көбүрөк кабылган адамдар үчүн сапаттуу кызматтарды камсыздоо үчүн мамлекеттик кызматтардын жана жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракетти чыңдоого шарт түзөдү.
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 50 000ден ашык адам АИВ жана кургак учук боюнча профилактикалык иш-чаралардан пайда алышты, алардын 9 000ден ашыгы АИВ тестирлөө жана консультация берүү боюнча кызматтарды алышты, 8 500дөн ашыгы кургак учукту аныктоодон өтүштү. 300дөй социалдык жана аутрич кызматкер АИВ жана кургак учуктун алдын алуу жана АИВ жана кургак учук жуктуруп алуу тобокелдигине көбүрөк кабылган адамдарга комплекстүү колдоо боюнча тренингден өтүштү.
Долбоорду ишке ашыруунун соңунда өткөрүлгөн изилдөө Долбоорго катышкан адамдар долбоордук иш-чараларга тартылбагандарга салыштырмалуу, АИВ жана кургак учукка текшерүүдөн өтүү жана сактануу чаралады көрүү сыяктуу кооптонуу жүрүм-турумду колдонушканын көрсөттү. Мисалы, долбоордун катышуучуларынын арасында 92.0% респонденттин акыркы 12 айда АИВ карата тестирлөөдөн өтүшкөнү жана тестирлөөнүн жыйынтыктарын алышканы белгиленген, ошол эле убакта долбоорго катышпагандардын арасында бул индикатордун көрсөткүчү болгону 67.3% түзгөн.
Долбоор жөнүндө кеңири маалыматты төмөндөгү сайттан табууга болот:
http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic/fact-sheets/usaid-dialogue-hiv-and-tuberculosis-project
Кеңири маалымат алуу үчүн Алишева Жамиля, USAID Кыргыз Республикасында АИВ жана кургак учук боюнча сүйлөшүү долбоорунун координатору менен +996 312 694202, 694203 телефону аркылуу байланышуу керек.