Бишкек – АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы тамактануу боюнча “Дүйнөлүк деңгээлде тамак-аш жаатындагы өнөктөштүктү, натыйжалуулукту жана инновацияларды чыңдоо” (SPRING) долбоору жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжалары менен бөлүштү. Талкууга Кыргаз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана Айыл-чарба министрликтери, өнөктөштөр, эл аралык уюмдар, дарыгерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана башка кызыккан тараптар катышышты.
Изилдөө SPRING долбоору 2014-жылдан иштеп баштагандан бери тамактануу боюнча көп көрсөткүчтөр боюнча оң жылыштарды көрсөттү. Долбоор иштеген аймактарда ымыркайга жалаң гана эмчек эмизүү практикасы 29 пайыздан 63 пайызга өскөн. Түрдүү тамактануу жана жашылча-жемиштерди тамакта пайдалануу да бир топко көбөйгөн. Дагы бир жагымдуу натыйжа – бир жашка чейинки балдар арасында сапаты начар тамак-ашты колдонуу азайган.
USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн саламаттыкты сактоо жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нора Мадригал туура тамактануу экономикалык өнүгүүгө жана адам өсүшүнө мааниси өтө чоң экендигин айтты. Анын айтымында, “түйүлдүктөн баштап эки жашка чейинки курактагы убакыт – алгачкы 1000 күн – наристенин саламаттыгына кам көрүү жана начар тамактануунун жангыс таасирин алдын алуу үчүн өтө маанилүү убакыт”.
USAID SPRING долбоору медицина кызматкерлерин окутуп, толук кандуу тамактануу боюнча кеңешин берүүсүн жакшыртты. Ошондой эле, айыл-чарба маселелери менен тамактануунун байланышын күчөтүп, эмчек эмизүүнүн оптималдуу жолу, толук баалуу тамактануу, кол жуу жана азыктарды туура сактоо боюнча окууларды өткөрөт. 2014-жылдан бери SPRING долбоору 6 миңден ашуун медицина кызматкерлерин окутуп, 2,6 миңден ашуун ыктыярчыларды топтоп, 17 медициналык мекемеге “Балага мээримдүү мамиле жасаган медициналык мекеме” сертификациясын алууга көмөк көрсөттү.
Төрт жылдык долбоор Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана жергиликтүү калк менен энелердин жана балдардын тамактануу статусун жакшыртуу, балдардын начар тамактануунун негизинде бою өспөй калусун алдын алуу, аялдар жана балдардын арасында аз кандуулуктун санын азайтуу максатында иштейт.