Ош – Америка Кошмо Штаттары кыргыз музей көргөзмөлөрүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу боюнча окуу программасынын экинчи модулун баштады. Грузиядан келген адистер кыргыз музей кызматкерлери жана туризм адистери үчүн музей көргөзмөлөрдү, билим берүү программаларды жана атайын иш-чараларды уюштуруу боюнча сабак беришет. Семинар Ош шаарында 20-24-июнда өтүп жатат.
USAID кыргыз музейлерин өнүктүрүү боюнча бул күч-аракетти Кыргыз Республикасында улуттук маданий мурасты сактап калуу үстүндө иштеген Музей демилгелеринин борбору (МДБ) менен биргеликте ишке ашырып жатат.
Музейлерди өнүктүрүү боюнча USAIDдин программасы аркылуу 20 музей жана жети туроператор эл аралык тажрыйбаны колдонуу аркылуу көргөзмөлөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртып, музейлердин туристтерге жагымдуулугун жогорулатууну максат кылышат. USAID кыргыз музейлеринин көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүп, Кыргыз Республикасынын бай мурасын жайылтууга салым кошкону менен сыймыктанат.
Долбоордун катышуучулары май айында Чолпон-Атада өткөн биринчи модулуда конкреттүү көргөзмө долбоорлор пландарын түзүүнү башташкан. Программанын жүрүшүндө бул пландар мындан ары да жакшыртылат. Биринчи сессиянын аягында катышуучулар инструкторлорго, кесиптештерине жана жеке сектордун өкүлдөрүнө 17 планды сунуштап беришти.
“Бул USAID тарабынан колдоого алынган абдан маанилүү жана өз убагындагы демилге. Биринчи модулдан кийин биз бүгүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз, аларды жергиликтүү жана чет-өлкөлүк туристтер үчүн музейлердин жагымдуулугун жогорулатуу максатында колдонобуз”, – дейт Алмакан Найзабекова, Бишкек шаарындагы көркөм сүрөт музейинин өкүлү.
Кийинки модулдарында катышуучулар өз көргөзмө долбоорлору үчүн маалыматтык иш планын иштеп чыгышат, жана аларды жеке секторунун потенциалдуу демөөрчүлөрүнө, донор уюмдарга жана туризм менен маданий мурасты өнүктүрүүгө кызыкдар башка уюмдарга сунуш кылууга даярданышат. Ноябрга пландаштырылган бет ачарларда кийиз, килем жана альпинизм боюнча көргөзмөлөрү жөнүндө айтылып беришет. Башка долбоорлордо музей экспозициялары үчүн мобилдик тиркеме жана ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы жети объекттери, “Орто кылымдык Өзгөндө бир күн” сыяктуу атайын турпакет сунуштап берилет.
USAIDдин “Бизнести өнүктүрүү боюнча демилгеси” (Business Growth Initiative) Кыргыз Республикасынын экономикасынын туризм, тигүү өнөр жай жана курулуш материалдар сыяктуу ар кандай секторлорун чыңдоо боюнча иш жүргүзүүдө.