2015-жылдын 6-ноябрында саат 9.00 Бишкек шаарында, Республикалык илимий-медициналык китепкананын конференц-залында (Тоголок Молдо көч.,1/Московская көч. Кес.) жалпыга маалымдоо каражаттарында кургак учук маселелерин чагылдыруу боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты болуп өтөт. Ушул салтанат КР Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору «Кургак учукту жеңебиз» USAID долбоорунун колдоосунда уюштурулган, жети ай бою жүргүзүлгөн сынактын аяккы этабы болуп саналат. Сынактын максаты – Кыргызстанда кургак учуктун алдын алуу, диагностикасы жана дарылоо маселелеринде калктын маалымдуу болушун жогорулатуу болуп эсептелет.
Сынактык комиссиянын кароосуна 27 журналисттен 105 материалдар түштү, анын ичинде интернетте жана басма сөздөгү макалалар, аудио- жана видеосюжеттер. Материалдар Улуттук фтизиатрия борборунун, Бишкек шаардык кургак учук менен күрөшүү боюнча борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаментинин, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медайымдар ассоциациясынын, «Кургак учукту жеңебиз» USAID долбоорунун адистер командасы жана медиа-эксперттер тарабынан бааланды.
Сыйлоо салтанатында саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин, Кыргызстанда USAID миссиясынын директору Майкл Гриндин, Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулаат Кадыровдун жана мамлекеттик, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Кургак учук Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы үчүн эң орчундуу маселелердин бири. Жыл сайын Кыргызстанда оорунун 6 миңге жакын жаңы учурлары катталат да, анын көп дарыларга туруктуу түрлөрүнө чалдыгуулар өсүп баратат. Курга учукту ийгиликтүү алдын алгуу жана дарылоо үчүн, калктын кургак учук маселелери боюнча кабардар болушу өтө маанилүү.
USAID Саламаттык сактоо министрлиги жана башка өнөктөштөр менен бирге кургак учукту дарылоодо пациентке багытталган жана үнөмдүү ыкмаларды илгерилетүү, пациенттерди колдоо топтору аркылуу дарылоонун жыйынтыктарын жакшыртуу үчүн иштеп келатат.