АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылаган Кыргыз агробизнести камсыздоо жана өнүктүрүү долбоору (KAED), “Тим Агро” айыл чарба кооперативи (АЧК) менен бирдикте 2014-жылдын 20-августунда жергиликтүү фермерлер жана айыл чарба боюнча адистерге Талаа күнүн өткөрүшөт. Иш-чара Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылында “Тим Агро” айыл чарба кооперативинин талаасында саат 10:00 башталат.
Иш-чарага катышууга фермерлер, үрөн импортерлору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айыл чарба кооперативдеринин, финансы институттарынын, эл аралык уюмдардын жана кызмат көрсөтүү компанияларынын өкүлдөрү чакырылат.
Катышуучулар “Тим Агро” айыл чарба кооперативинин мисалында жүгөрү иштетүүнүн алдыңкы тажрыйбасы менен тааныша алышат. Катышуучулар Фито Семиллас компаниясынын жүгөрүсүнүн гибриддери, өсүмдүк өстүрүү жөнүндө маалымат алышат, бул фермерлерге мыкты гибриддерди тандап алууга жана кийинки өндүрүштүк жылында өз өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Ошондой эле жүгөрү өстүрүү боюнча методологиялык материалдар көрсөтүлөт. Фермерлер “Тим Агро” айыл чарба кооперативинин (АЧК) жетекчисинин жеке консультациясын жана Испаниядан жана Түркиядан Фито Семиллас компаниясынынын өкүлдөрүнүн консультацияларын ала алышат, алар катышуучулардын суроолоруна жооп беришет. Иш-чара учурунда заманбап техниканын, анын ичинде John Deere жана Claas Orion тракторлорунун, Claas Dominator комбайнынын жана Kuhn, Amazone, Berko жана BioStar фирмаларынын асма айыл чарба техникасынын иштөөсү көрсөтүлөт. Адистер жаңы айыл чарба техникасынын негизги артыкчылыктарын жана жүгөрү өстүрүүнүн жакшыртылган ыкмаларын талкуулашат.