USAID Кыргызстан боюнча 125 туристтик жол көрсөткүч орнотууда

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү аракетинде 125 жаңы жол көрсөткүч жана көчөөлөрдүн карталарын орнотууда. Көрсөткүчтөр туристтер шаар ичи жана жаратылыштагы жөө жүрүү жолдорду оңой табуу үчүн даярдалган. Бул иш-чара Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө багытталган “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоорунун алкагында жүрүп жатат.

USAIDтин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын жетекчиси Кимберли Розендин айтымында, USAID 2016-жылдан бери 80 туристтик белгилерди, Ошто жана Караколдо көчөө карталары жана өлкө боюнча жол көрсөткүчтөрдү орнотту. Ошолорду эске алганда, туристтик белгилердин жалпы саны 205ке жетет. “Быйыл USAID Нарын, Ысык-Көл жана Ошто кошумча сегиз карта жана он бир туристтик карта орнотуп, Кыргызстан боюнча 106 жол көрсөткүч орнотуп жатат”, – деди Кимберли айым.

Жол көрсөткүчтөр эл аралык тажрыйбага ылайык күрөң түстө болуп, сейил бак жана эс алуу жайлардагы көрсөткүчтөрдүн форматына ылайык түзүлгөн.

Туристтик көрсөткүчтөрдү орнотуу – “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгесинин” алкагында USAIDдин Кыргызстандагы туризмди өркүндөтүү аракетинин бир бөлүгү. Долбоор өлкөдөгү туристтик ишканалар, мейманканалар, музейлерге жардам берүүгө умтулуп, Кыргызстанды эл аралык туристтик аренада таанытууга багытталган. Былтыр конок үйлөр менен өнөктөш мейманканалар 2016-жылга салыштырмалуу туристтердин саны 48 пайызга өскөнүн кабарлашкан. Жергиликтүү туризмди өнүктүрүү уюмдары 2017-жылы кирешенин 40 пайызга өскөнүн кабарласа, туроператорлор сатыктардын 13 пайызга көбөйгөнүн билдиришкен. USAIDдин колдоосу менен өлкөгө келген туристтердин саны көбөйүүдө, кошумча жумуш орундар пайда болуп, туризм секторундагы кирешелер көбөйүүдө. Мунун баары Кыргыз Республикасында узак мөөнөттүү таасир калтырып, туруктуу экономикалык өнүгүүгө жана стабилдүүлүккө салым кошот.