Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы. 2015-жылдын 19-мартында ЮСАИД Кыргыз Республикасында энелердин жана балдардын тамактануу маселелерин жакшыртууга арналган жаңы SPRING долбоорун баштоо иш-чарасын өткөрөт. Бул иш-чарага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, өлкөдөгү саламаттык тармагында иштеген адистер, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери, областтык жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар катышат. Аталган өзем эрте мененки саат 9-дан түшкү саат 1-ге чейин Бишкек шаарындагы Н. Исанов көчөсүндөгү 37-номерде жайгашкан “Голден Тюлип” мейманканасында өткөрүлөт.
SPRING долбоору –беш жылдык мөөнөткө белгиленген жана аялдардын жана балдардын аз кандуулугун азайтууга, бойдун өспөй калышын алдын алууга, толук кандуу эмес тамактанууну кыскартууга багытталат. Аталган долбоор Кыргыз Республикасында тамак-аш маселелерин эл аралык эрежелерге жана практикага ылайык чечүүгө колдоо көрсөтөт. SPRING долбоору тамактануунун эрежелерин, диета сапатын, жакшыртууга жана өлкөдөгү иш жүзүндө болуп жаткан тамак-аш саясатын өркүндөтүүгө арналат.
Кыргызстандагы аялдар жана балдар ар дайым кем тамактануудан жана аз кандуулуктан жапа чегип келишет. 2012-жылы өткөрүлгөн Демографиялык саламаттык боюнча изилдөөлөргө ылайык, беш жашка чейинки ар бир беш баланын бири – бойдун өспөй калуусунан жабыркайт (алардын бою жаш курагына салыштырмалуу өтө эле кичине). Бойдун өспөй калуусу – өнөкөт болгон кем тамактануунун натыйжасында пайда болот. Толук кандуу тамактанбаган 2 жаштагы бөбөк үчүн терс жактары абдан көп, анткени наристелер чоңойгон сайын, алардын саламаттыгына жана акыл өсүүсүнө көпкө чейин залакасын тийгизет. Төрөт курагындагы аялдардын 35% аз кандуулуктан жапа чексе, 6 айдан 5 жашка чейинки балдардын 43% дагы анемия менен оорушат. Аз кандуулук денени алсыздандырып, ден соолукка зыянын тийгизбей койбойт. Ошондой эле аз кандуулук энелерге кош бойлуу мезгилде жана төрөт убагында залал келтирет. Туура эмес тамактангандын натыйжалары туура тамактанууну билбегенден, тамак-аштын сапатсыз болуусунан келип чыгат. Ал эми ымыркайды 6 айлык мезгилине чейин бир гана эне сүтү менен бакпагандык жана 6 айдан 2 жашка чейин наристелерде толук кандуу кошумча тамак-аштын жетишсиздиги дагы зыян алып келет. SPRING долбоору Нарын жана Жалал-Абад областтарында атайын белгиленген 10 жайда иш алып барат. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЮНИСЕФ (БУУнун балдар фондусу) жана башка уюмдар долбоор менен өнөктөш катары кызматташат.
Кыргыз Республикасында SPRING долбоору Save the Children (Балдарды коргоо) уюму тарабынан ишке ашырылат. Долбоор тууралуу толугураак маалымат алууну кааласаңыздар, төмөндөгү веб-сайтка кирсеңиздер болот: http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic/fact-sheets/strengthening-partnerships-results-and-innovations-nutrition-globally-0. Долбоордун ачылышын чагылдырганга кызыкдар болгон журналисттер чакырылат.
Кошумча маалымат алуу үчүн техникалык координатор Назгүл Абазбековага кайрылыңыздар. Тел. (+996 558) 355381, электрондук дарек: nabazbekova@spring-nutrition.org.