USAID колдогон кампания аркылуу кыргызстандыктар электр энергия жана жылуулукту үнөмдөөнү үйрөнүштү

15-мартта “Юнисон Групп” бейөкмөт уюму энергетика тармагындагы адистерди жана атка минерлерди чакырып, “Үшүбө, Кыргызстан – 2” аттуу маалымат кампаниясынын жыйытыктарын талкуулашты. АКШ тарабынан USAID аркылуу колдоого алынган беш айлык кампанияда, “ЮНИСОН ГРУПП» 575 чогулуш өткөрүп, 25 миңден ашуун үй-бүлөгө кышында өз үйлөрүн жылуу кармап, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануунун арзан жолдорун үйрөттү.

“Юнисон Групптун” чогулушуна катышып, мен өз үйүмдөгү эски лампочкаларды энергоэффективдүү лампочкалар менен алмаштырдым”, – дейт Ноокат районунун Гулистан айылынын тургуну Азимжан Эркебаев. “Алар өзү кымбат болот экен, бирок менин электр энергияга болгон бир айлык чыгымдар эки эсе кыскаргандыктан өзүн тез эле актап койду”

“Юнисон Групптун” сурамжылоосу боюнча, кампания 421 миңден ашуун киловат-саат электр энергиясын үнөмдөөгө жардам берип, Кыргызстандын улуттук электр тармактары (НЭСК) жарыялаган электр энергиясын сарптоо февраль айында 2015-жылдагыга салыштырмалуу 13% кыскаргандыгына салымын кошту. НЭСК бул кыскарууну жылуу аба-ырайы жана элдин электр энергиясын “сарамжалдуу жана рационалдуу” колдонуп жатканы менен байланыштырууда.

Андан тышкары, өткөн кышта “Юнисон Групптун” коомдук кызмат көрсөтүү борборлору 40 үй-бүлөгө электр үчүн төлөмдөр боюнча суроолорду чечишүүгө жардам беришип, өчүрүүлөрдү токтотушту. Январь айында болсо, “Юнисон Групп” Жалал-абад областынын Авелтим айылынын тургундарына жаңы трансформатор орнотуу боюнча суроону жергиликтүү энергокомпания менен чечишүүгө көмөктөшүп, 270 үй-бүлөнү үзгүлтүксүз электр тогу менен камсыз кылышты.

“Жарандык коомдун энергетика тармагында ролу чоң,” – дейт USAID-дин адиси Эркин Конурбаев. “Бейөкмөт жаатындагы техникалык адистер өкмөткө саясатты өнүктүрүү боюнча жардам көрсөтүп, ал эми коомдук ишмерлер энергокомпаниялар менен бирге элге электр энергиясын үнөмдөөнү жана кардарларды тейлөөнү жакшыртууну үйрөтсө болот”

Мындай жыйындардан башка, “Юнисон Групп” энергияны үнөмдөө боюнча оңой кеңештерди камтыган календарь чыгарып, үйдө энергияны сактоонун  100 жолун сүрөттөгөн колдонмо иштеп чыгышты. Бул суроолор боюнча көбүрөөк билем дегендер “Юнисон Групптун” жаңы сайтына баш бакса болот.

Бул маалымат кампаниясы USAID-дин натыйжалуу мамлекеттик башкарууну колдоо (GGPAS) программасынын алкагында өттү. Бул долбоор USAID аркылуу АКШ колдогон көптөгөн долбоорлордун бири. Алар жөнүндө бул жерде окусаңыз болот: http://usaid.gov/kyrgyz-republic.