USAID долбоору мигранттарды маалымат менен камсыздоого жардам берип жатат

10-апрелде АКШ өкмөтү USAID аркылуу “Манас” эл аралык аэропортунда атайын мигранттар үчүн маалымат терминалдарын орнотту. Бул терминалдар аркылуу жүргүнчүлөр өз укуктарын билип, адам сатууга чалдыкпоо үчүн эмне кылуу керек экенин биле алышат. Иш-чаранын негизги максаты – адам сатууга каршы туруу жана сыртка чыгып жаткан кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо. Чет өлкөдө жашап иштеген болжол менен 700 миңдей кыргызстадык мигрант үчүн кодулоого туш болуп, адам саткандарга кабылуу тобокелдиги жогору.

Эл аралык миграция уюму Мамлекеттик миграция кызматы менен бирге ишке ашырган USAIDдин “Ар-намыс жана укуктар” долбоору мигранттарды адам сатуучулуктан сактануу жолдору жөнүндө маалымдоого багытталган. Маалымат берүү кампаниялардан жана мигранттар үчүн түз байланыш “189” телефон номерин колдоодон тышкары, долбоор адам сатуучулукка чалдыккандарга да жардам көрсөтөт. Ушул убактыка чейин, долбоор тамак-аш, медикалык жардамга муктаж жана чет өлкөдө кулчулукта жүрүп документтерин жоготкон 100дөн ашуун кишиге колдоо көрсөттү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынан кетүү муктаждыгын жоюп, өз өлкөсүндө иштешине өбөлгө түзүү максатында, долбоор аларды атайын окуудан өткөрүп, жаңы кесиптер менен камсыз кылды.

АКШ өкмөтү USAIDдин “Ар-намыс жана укуктар” долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана эли менен биргеликте адам укутарын илгерилетүү, миграцияны коопсуздандыруу жана мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосун жакшыртуу иштерин улантат.