USAID балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кургак учук дартын аныктоону жана дарылоону жакшыртууда

Бишкек–АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кургак учук дартын аныктоо жана дарылоо көйгөйүн чечүү жаатында Кыргыз Республикасы менен кызматташып келүүдө. Чоң кишилер арасындагы кургак учук илдетине каршы күрөшүүдө омоктуу жетишкендиктер бар болсо да, бул ооруга балдар менен өспүрүмдөр дале болсо көп чалдыгууда.

Мындай көйгөйлөргө жооп иретинде «Кургак учукту жеңебиз» USAID долбоору Улуттук фтизиатрия борбору менен кызматташтыкта балдар жана жаштар менен иш алып барган медициналык кызматкерлерди окутууну уюштурган. Июнь жана июль айларында Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан келген 100дөн ашык дарыгерлер кургак учук менен ооруган балдар жана өспүрүмдөр менен иштөөгө үйрөнүштү. Катышуучулар балдарда жана өспүрүмдөрдө кургак учук дартын аныктоо жана дарылоо боюнча ийгиликтүү заманбап тажрыйба, клиникалык колдонмолор менен таанышып, ошондой эле балдар үчүн дары препараттарын дайындоо принциптерине жана дозалоону пайдаланууга окуп үйрөнүштү. Практикалаган врачтар өздөрүнүн маанилүү эскертүүлөрүн айтып, балдарды жана өспүрүмдөрдү кургак учуктан дарылоонун жана аны алдын алуунун жаңы алгоритмин ишке киргизүүнү талкуулашты.

Балдар жана өспүрүмдөр кургак учуктан дарылануу үчүн ооруканаларда узак жатууга мажбур болушат, ушунун өзү  алардын жана үй-бүлөлөрүнүн күнүмкү турмушун  кескин түрдө жагымсыз өзгөртөт. “Балдар бактерияларды сыртка дээрлик бөлүп чыгарбаган соң, аларды амбулаториялык тартипте дарылоого болот… Бул болсо балдардын арасында дарыланууга далалат кылууну күчөтүп, оорулууларга карата стигма, дискриминация (кемсинтүү) көрүнүшүн азайтат да, эң башкысы – балдардын арасында суперинфекциянын тарап кетишинин алдын алат”, – деп билдирди программанын адиси Асанкадырова айым.

Окутуу Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын балдардын жана өспүрүмдөрдүн кургак учук дартына каршы жүргүзүп жаткан күрөшүүнүн биргелешкен иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат да, кургак учукту дарылоонун жаңы клиникалык колдонмолорун жана аны амбулаториялык тартипте дарылоонун жаңы үлгүсүн киргизүү жолу менен ушул жааттагы кызмат көрсөтүүлөрдү жана дарт аныктоо ыкмаларын өркүндөтүүгө колдоо көрсөтөт.

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу болгон бул кооптуу жугуштуу ооруга каршы күрөшүүдө ийгиликке жетишүү максатында жана балдар менен өспүрүмдөргө толук кандуу жашоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн Кыргыз Республикасынын эли жана Өкмөтү менен кызматташууда.

«Кургак учукту жеңебиз» USAID долбоору – адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу жугуштуу илдеттерге каршы күрөшүү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн АКШ каржылап жаткан коомдук саламаттык сактоо жаатындагы көп демилгелердин бири. Көбүрөөк маалыматты төмөндөн алыңыз: https://www.usaid.gov/kyrgyz-republic.