Бишкек, Кыргыз Республикасы – 4-7-апрелде, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Азия өлкөлөр Бюросунун директору Жoнатан Стиверс Кыргыз Республикасында иш сапар менен жүрүүдө. Стиверс мырза USAIDтин Орто, Түштүк, Чыгыш Азия жана Тынч океандагы аралдардын 32 өлкөдөгү программаларын башкарат. Бюродо гуманитардык жана өнүктүрүү программалардын үстүндө иштеген 1200 адамды көзөмөлдөйт. Бул Стиверс мырзанын Кыргыз Республикасына биринчи жолу келиши.
4-апрелде Стиверс мырза Дордой базардагы салык кызматынын 7000ден ашуун ишкерди тээлеген USAID тин колдоосу менен ачалган жаңы бөлүмүнө (PDF 2 MB) барды. Бишкек шаардык кеңешитин төрагасынын орун басары жана “Союзтекстиль” Ассоциацисясынын муруңку төрайымы Любовь Ардамина текстиль өнөр-жайдагы жагдайды баяндап атып, “USAID тарабынан колдонулган өнөр жайыбыздын өкүлдөрүнүн Москвага иш сапары жаңы өнөктөштөрдү табууга жана текстиль өнөр жайындагы баа кризиске байланышту убагында чара көрүүгө жардам берди”, – деп белигиледи.
5-апрелде Жалал-Абадка барып Кыргызстандын 40 миң фермерине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берге турган USAID АгроГоризонт долбоорду ал жердеги фермер жана айыл чарба адистер менен талкуулады. Ошондой эле, Стиверс Жалал-Абад областтык орукананын төрөт бөлүмүнөн кабар алды. Бөлүмдүн кызматкерлери республикадагы энелер менен балдардын тамактануу көйгөйлөрү жана Жалал-Абад менен Нарын областтарында иштеп аткан ошол көйгөйлөрдү чечүүчү USAID SPING долбоордун иштери жөнүндө айтып беришти. “Энелер менен балдардын тамактануу маселеси татаал абалда болгон Жалал-Абад областында USAID SPRING долбоору ишин баштап атканына аябай кубанычтуубуз. Биз кызматташууга даярбыз,” – деди Жалал-Абад областтын губернатордун орун басары Бактыбек Аранкулов.
6-7-апрелде Стиверс премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугуп, USAID менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы бүгүнкү жана келээрки кызматташтыкты талкуулайт. Кыргызстандын ишкерлери менен жолугуп, Стиверс жергиликтүү бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү карап, USAIDтин бизнести өнүктүрүү демилгеси аттуу долборунун ресурстарын талкуулайт. Иш сапарынын аягында Стиверс “Наргологиядагы альтернатива” аттуу бейөкмөт уюмунан абар алат. Бул уюм USAIDтин “Сапаттуу саламаттыкты сактоо” жана “Кургак учукту жеңебиз” аттуу долборлорунун колдосу менен баңгизаттардан арылып жаңы жашоо баштап жаткан адамдарга керектүү колдоо көрсөтөт.
Сиз жасап аткан иш биздин Орто Азиядагы иштерибиздин эң негизигиси болот. Менин оюумча ал аракеттерибиздин өзөгүндө… Кыргызстан жолунан тайбаш керек, артка чегинбеш керек – ал өтө көп жетишкендиктерге ээ болгон. Жалпы региондой эле ал башынан кыйынчылыктарды өркөрүп жатат… андыктан, биздин олуттуу өнүгүү долбоорлорубуз менен келип турганыбыздын жүйөсү анык. USAID өлкөңүздү колдоо иштерин жогорку деңгээлде алып барууда, мен аны менен сыймыктанам”, – деди USAIDтин Азия өлкөлөр Бюросунун директору Жонатан Стиверс.
Өмүр баяны:
Жонатан Стиверс USAIDтин Азия өлкөлөрү боюнча Бюросунун директордун одрун ээлейт. USAIDке чейин Стиверс мырза АКШ Конгресстин Эл өкүлдөрү Палатасынын спикери, демократтардын лидери Нэнси Пелоси айымдын кеңеншчиси болуп кызматтанган. Мыйзам чыгаруу органдарда он сегиз жыл иштеген Стиверс тышки саясаттагы саламаттыкты сактоо, өнүгүү, соода жана адам укугу тараптардагы демилгелердин ишке ашыруу аракеттердин бир катарында алдыңкы ролдору ойногон, анын ичинде 2010-жылы Гаитидеги жер титирөөнүн кесепетин жоюу үчүн АКШнын бюджетинен кражат бөлүү маселесинде. Азияны көп кыдырып жүрүп изилдеген Стиверс Азия өлкөлөрү боюнча бай тажрыйба топтогон.
Стиверс Жордж Вашингтон университетинин Эллиот атындагы эл аралык катыштар факультетинин эл аралык саясат боюнча магистр наамын алган, жана Мичиган штаттын университетинин Жеймс Мэдисон атындагы колледждин эл аралык катыштар боюнча бакалавр дипломуна ээ болгон. Стиверс Мичиган штатындагы Детройт шаарында төрөлгөн. Азыр жубайы жана эки кызы менен Вашингтон шаарында турат.