USAID жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү COVID-19га каршы эмдөөнү жогорулатуу үчүн кызматташат

10-ноябрь, 2022-жыл – Бишкек, Кыргыз Республикасы 

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Бишкекте эмдөөнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча иш алып барышат. Иш-чаралар саламаттыкты сактоо тармагындагы адистерди окутууну, жергиликтүү активисттерди тартууну жана COVID-19 вакцинациясынын артыкчылыктары жөнүндө маалымат таратууну камтыйт. Бул иш-чаралар 10-ноябрда өткөн COVID-19га каршы аракеттерине арналган өнөктөштүк жыйындын негизги темасы болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө USAID эпидемиологиялык маалымат, саламаттыкты сактоо тармагындагы адам ресурстарын башкаруу жана COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана эмдөөнү көбөйтүү үчүн стратегиялар менен тааныштырды. 

Буга чейин Чүй облусунун үч районунда калкты эмдөө боюнча USAIDдин колдоосу менен жүргүзүлгөн иш-аракеттердин аркасы менен эмдөө деңгээлин 8 пайызга жогорулатууга мүмкүндүк берген. Ушундай эле иш-чаралар эмдөө деңгээли төмөн болгон Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында, жана Бишкек шаарында да өткөрүү пландалууда. Негизги максат – кыргызстандыктардын ден соолугуна коркунуч туудурган COVID-19 вирусунун жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна жол бербөө. 

АКШ менен Кыргыз Республикасынын COVID-19га каршы күрөшүү боюнча кызматташтыгынын алкагында 4 миңден ашык дарыгерлер, лаборанттар жана башка адистер COVID-19 анкытоо, алдын алуу жана дарылоо боюнча окуудан өтүштү, деп билдирди USAIDдин саламаттык сактоо жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ниша Гупта. Андан тышкары, USAID республика боюнча түрдүү медициналык мекемелердин ишин күчөтүү үчүн 1,4 млн долларлык жабдууларды да берди. Бул жабдуулар COVID-19 менен гана эмес, башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө да маанилүү.  

Пандемия башталгандан бери USAID Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүү үчүн жалпысынан 10 млн АКШ доллардан ашык каражат бөлгөн. АКШ ошондой эле COVAX мекемеси аркылуу Pfizer-BioNTech вакцинасынын 450 миң дозасын берди. 

###