2018-жылдын 19-июнунда, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана кыргыз-тажик биргелешкен «Алтын Аймак» ишканасы Баткен облусунун Кара-Бак айылында мөмө-жемиш кайра иштетүүчү жаңы заводун ачышты.
Кыргыз Республикасынын премьер министри Мухаммедкалый Абылгазиев 35 кишини толуккандуу иш менен камсыздап, 400 үй-бүлөнүн турмушун жакшыртат деп болжолдонгон ишкана менен таанышып чыкты.
Мөмө-жемиш жуучу, тандоочу жана бөлүштүрүүчү жабдыктардын, ошондой эле күн кубаты менен кургатуучу шаймандардын сатылып алынуусун USAID каржылашкан. Алар ишканада абрикос, кара өрүк, алма, жаңгак жана башка кургатылган жемиштерди Кыргызстандын түштүгүндө иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Азык-түлүк коопсуздугунун талаптарына жооп берген жаңы жабдыктар иштетилүүчү мөмө-жемиш өскөн жерлерге жакын жайгашып, ишкананын чыгарган өнүмдөрүнүн көлөмүн, сапатын жана жаңы базарларда атаандашууга мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөт.
Мурун кургатылган жемиштер Тажикистанга жеткирилип, андан соң Россия, Түркия жана башка өлкөлөргө экспортко жөнөтүлчү. Бул кызматташтык кургатылган жемиштерди түздөн-түз Кыргызстандан экпорттоого жол ачат.
Жаңы завод USAID Agro Horizon долбоорунун алкагында ачылды. Аталган 4-жылдык долбоор Кыргызстандын төрт облусунда (Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош) иш алып барып, кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн жергиликтүү жана эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу майда фермерлердин кирешелерин көбөйтүү максатын көздөп келет.
Бул максаттарга жетүү үчүн долбоор өлкөндөгү 45 ишкана менен кызматташып, 30 миллион долларга жеткен жергиликтүү жеке капиталдын милдеттенмелерин аткарууга жардам берет. Долбоор ошондой эле, байымдуу азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жакшырткан.