USAIDдин жаңы Агро Горизонт долбоору Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын көп тармактуу агрардык секторун өнүктүрүүгө багытталган жаңы Агро Горизонт долбоорун ишке киргизет. Долбоорду ишке киргизүүгө багытталган эки күндүк иш-чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын губернаторлору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр, айыл чарба ассоциациялары, айыл чарба ишкерлери, микрокредиттик компаниялар, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келип катышат. Иш-чара 2015-жылдын 24-25 -февралында Ош шаарындагы Алиев көчөсү, 143 дарегинде жайгашкан “Классик” мейманканасында өтөт.

USAIDдин 22-миллион долларлык Агро Горизонт долбоору мөмө, жемиш, сүт жана эт азыктарын, канаттууларды өстүрүү (жумуртка өндүрүү) кошумча нарк чынжырына катышкан кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана агрардык ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу аркылуу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө салым кошо турган, төрт жылга эсептелген долбоор. Долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында  чакан фермерлердин кирешелерин көбөйтүү жана тамактануусун жакшыртуу максатында ишке ашырылып, агрардык секторду өнүктүрүүгө салымын кошот. USAID Агро Горизонт долбоору фермерлерге жана агрардык ишканаларга өркүндөтүлгөн айыл чарба технологияларын киргизүүгө, ошондой эле бизнес-пландоону жакшыртуу жана башкаруу тажрыйбалары боюнча колдоо көрсөтөт. Долбоордун дагы бир маанилүү компоненти болуп аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн  кеңейтүү эсептелет.  Долбоор ошондой эле бизнес чөйрөнү жакшыртууну жана тышкы жана ички рынокторго жетүүнү жакшыртууну көздөйт.

USAID Агро Горизонт долбоору  ACDI/VOCA тарабынан жана ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн кызматташуу менен ишке ашырылат. Долбоор жөнүндө кененирээк маалымат  менен төмөнкү веб-сайттан таанышууга болот: http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic/fact-sheets/usaid-agro-horizon-project.

Кызыкдар болгон журналисттердин баары бул иш-чарага чакырылат. Кененирээк маалымат алуу үчүн коммуникациялар жана окутуу боюнча менеджери Асель Карагазиевага төмөнкү байланыш даректери боюнча кайрыла алышат: телефону: (+996 770) 850-990 же e-mail akaragazieva@acdivoca.kg.

Ушул программа USAIDдин көптөгөн долбоорлорунун бири болуп эсептелет. USAIDдин долбоорлору жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн биздин төмөнкү сайтка кириңиздер: http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic. Биздин Facebook баракчабыздын дареги: https://www.facebook.com/USAIDKyrgyzRepublic.