USAID Кыргыз Республикасынын экономикалык жактан өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүсүн улантып келет

Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги (USAID) «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID инициативасы» жаңы долбоорун тааныштырат жана экономикалык саясат боюнча – РЕФОРМА долбоорун расмий жабат. Салтанаттуу иш-чара АКШ Мамлекеттик департаментинин Борбордук Азия боюнча Мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Д. Розенблюм [1], Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Валерий Дил, АКШ Элчиси Памела Спратлен, ошондой эле өкмөт жана мамлекеттик органдардан, бизнес-ассоциялардан өнөктөштөр жана Кыргыз Республикасы тарабынан  баардык кызыктар тараптар катышуусу менен өтөт. Иш-чара 2014-жылдын 14-октябрында саат 14.00дөн 17.00гө чейин «Хаятт Ридженси» мейманкансынын «Шайыр» залында болот.

РЕФОРМА долбоорунун максаты болуп бизнеске колдоо көрсөтүү жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү үчүн макро жана микро-экономикалык чөйрөнү бекемдөө жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу саналат. РЕФОРМА долбоорун жабуу салтанатту иш-чарасында анын мамлекеттик органдар, жеке сектордун уюмдары жана изилдөө борборлору менен өнөктөштүктө жетишилген иштердин негизги натыйжаларын көрсөтөт.

РЕФОРМА долбоору жөнүндөгү интервьюсунда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев төмөнкүлөрдү белгилеп кетти: «Биз ушул Долбоордун алдына бир катар маселелерди койгонбуз, мисалы, лицензиялоо-уруксат берүү системасына карата. Натыйжада чогуу иш алып баруу менен, биз лицензиялардын-уруксат берүүлөрдүн санын дээрлик беш эсеге, башкача айтканда, жүз бир лицензияга чейин кыскарта алдык. «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» бүтүндөй мыйзам кабыл алынды. Фискалдык саясат боюнча иштер жүргүзүлдү жана сунуштар киргизилди. Мен 2012-жылдагы тоо-кен тармагындагы иштерди белгилеп кетер элем. Тоо-кен тармагындагы алгылыктуу  мыйзамды түзүү жөнүндө маселе негизги багыттагы маселелердин бири болуп саналат, биз жарым жылдын ичинде жаңы мыйзам түзүүгө жетиштик, жана бул иште бизге РЕФОРМА долбоору көмөк көрсөттү».

Жаңы төрт жылдык «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID инициативасы» долбоору бизнести өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык жактан өнүгүүгө өбөлгө түзүү максатында кыргызстандык компаниялардын жана кошумча нарк чынжырчасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өстүрөт жана жогорулатат. Долбоор  алардын өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу максатында текстилдик-тигүү тармагынын, туризмдин, курулуш материалдарын өндүрүүнүн, компаниялардын брэнддерин алга жылдыруунун жана продукцияларын сунуш кылуунун, сырьелор менен жабдып туруунун, рынокторко кирүүгө мүмкүндүк алуунун, сапатты контролдоонун, финансылык башкаруунун жана компаниялардын дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болгон бөлөк маанилүү компоненттеринин кошумча наркынын чынжырчалары менен иштейт.  Долбоор бизнес чөйрөнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу болгон РЕФОРМА долбоору тарабынан демилгеленген реформалардын негизинде жумушчу күчүнүн сапатын жана башкаруу ыкмаларын жогорулатууга да көмөктөшөт.

Кызыкдар болгон журналисттердин бардыгы иш-чарага чакырылат. Долбоор тууралуу толук маалымат жана жогорку кызмат адамдарынын сүйлөгөн созүн жазып алуу үчүн иш-чаранын ачылышына катышуу сунуш кылынат. РЕФОРМА долбоорунун жыйынтыктары менен материалдар, анын ичинде сүрөттөр жана видеолор иш-чаранын жүрүшүндө таркатылат. Кошумча маалымат үчүн  Эльнура Алмаскановага  тел: +996312 312 666044  же e.almaskanova@gmail.com эл. почтасы аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

USAID РЕФОРМА долбоору Эл аралык өнүктүрүү боюнча Кошмо Штаттардын Агенттиги (USAID)   аркылуу америка эли тарабынан колдоо көрсөтүлүп жаткан көптөгөн долбоорлордун бири. USAID тууралуу кошумча маалыматты http://www.usaid.gov/kyrgyzөrepublicсайтынан окусаңыздар болот.  

[1] Даниэль Розенблюм, АКШ Мамлекеттик катчынын Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары, 2014-жылдын 13-октябрдан 17-октябрга чейин расмий визит менен Кыргыз Республикасына келет. Розенблюм мырза АКШ Мамлекеттик департаментинде Түштүк жана Борбордук Азия маселелери боюнча бөлүмүндө Борбордук Азия мамлекеттерине карата АКШнын тышкы саясатын жана бул өлкөлөр менен болгон дипломатикалык карым катнашты жөндөө боюнча иштеп келет. Розенблюм мырза Бишкек, Ош жана Жалал-Абад  шаарларында өкмөттүн жана жараандык коомдун өкүлдөрү жана студенттер  менен жолугушууларды өткөрөт.