12-ноябрда саат 10-00 Бишкек шаарындагы Республикалык илимий-медициналык китепкананын конференц-залында USAID каржылаган «Кургак учукту жеңебиз» жаңы долбоордун ачылыш аземи болуп өттү. Өкмөттүн, Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле АКШ Элчилигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү иш-чарага катышты. Беш жылдык «Кургак учукту жеңебиз» долбоору кургак учук менеджментинин эл аралык стандарттарын ишке киргизүүгө көмөктөшөт жана кургак учуктун, анын ичинде анын туруктуу формаларынын жайылышын төмөндөтөт. Abt Associates. Inc жүзөгө ашырып жаткан долбоор Саламаттык сактоонун улуттук стратегиясын ишке ашырууда колдоо көрсөтөт, Ошондой эле Улуттук кургак учукка каршы программанын алкагында кургак учукту дарылоонун амбулатордук моделин жайылтууга жардам берет.
Кургак учук дарыланса да, ал дагы деле коомдук саламаттык сактоонун олуттуу көйгөйү болуп калууда. Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү туруктуу кургак учукка чалдыккан учурлардын эң жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. 2011-жылы 100 000 кишиге 100,4 кургак учук оорусуна чалдыгуу учуру келсе, азыр бул көрсөткүч 102,4кө көтөрүлгөн. Ал эми кургак учуктун көптөгөн дарыларга туруктуу формасынын 2012-жылы 958 учуру аныкталган болсо, 2013-жылы 1160га чейин көбөйгөн.
Кургак учуктун туруктуу формасы – адатта колдонулуучу кургак учуктун дарыларына туруктуу форма. Бул дарылар туура эмес колдонулган учурда кургак учуктун туруктуулугу жогорулайт. Мисалы, оорулуу дарылоо курсун толугу менен албаганда, туура эмес дарылоо же туура эмес дозировка жазылганда, же дарылардын жоктугунан дарылоо үзгүлтүккө учураганда же төмөнкү сапаттагы дарыларды колдонгондо кургак учуктун туруктуулугу өсөт.
«Кургак учукту жеңебиз» долбоору USAID каржылаган жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташууда жүзөгө ашырылган үч долбоордун – «ВИЧ жана КУ боюнча диалог», «TB Care I» жана «Сапаттуу саламаттык сактоо» жыйынтыктары боюнча ишти улантат.
USAID ар бир үй-бүлөнүн ден-соолугун чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын жараандары жана өкмөтү менен биргеликте өлкөдөгү эң олуттуу инфекциялык ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча долбоорлорду алып барат.
Кыргыз Республикасында USAID программалары жөнүндө толук маалымат алуу үчүн биздин вебсайтка кириңиз: http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic