2014-жылдын 17-сентябрында «Кыргыз Республикасындагы СПИД Фонд Чыгыш-Батыш» КФсы (AFEW) жана USAID Бишкек ш. АИВге каршы аракеттенүү боюнча Долбоордун Бет ачарын өткөрүштү. АИВге каршы аракеттенүү боюнча Долбоор, АИВдин алдын алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекстүү пакетин кеңейтүүгө, АИВ менен жашаган адамдарды жана оңдоп-түзөтүү мекемелеринде баңгизаттарын колдонуучуларды дарылоо, багуу жана жардам көрсөтүп турууга багытталган эки жылдык аймактык программа болуп эсептелет. Долбоор соттолуп эркиндигинен ажыратылып кармалып туруучу жайлардан коомго карай «көпүрөнүн» ролун аткарып жана АИВди жуктуруп алуу тобокелдигин минималдаштыруу менен соттолгондорго бошонгонго чейин жана андан кийин колдоо көрсөтүп туруу боюнча натыйжалуу үлгүнүн алкактарында иш алып бармакчы.
Кыргызстандагы AFEW тарабынан уюштурулган тегерек столдун жүрүшүндө Жаза Өтөө Мамлекеттик Кызматынын, Наркологиялык Республикалык Борбордун, Республикалык СПИД Борборунун өкүлдөрү Долбоор тууралуу маалымат алышты жана түрмөдө кармоонун саламаттык, ошондой эле соттолгондордун арасындагы социалдык жактан маанилүү оорулардын алдын алуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо маселелерин талкуулашты.
Борбордук Азияда АИВ-инфекциянын берилиши, негизинен, шаар борборлорунда баңгизаттарын сайынуу менен колдонуу жана Афганистандан баңгизат траффигинин транзиттик маршрутунун өлкөбүз аркылуу өтүшү менен шартталган. АИВ-инфекциясынын түрмөлөрдө таркалышы, жарандык коомдогуга караганда, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонуунун чектелүү болушу, жалпы шприцти колдонуу менен баңгизаттарын пайдалануунун жогорураак даражада болушу, жыныстык контакттар учурунда коргонуу каражаттарын тандоонун жетишсиздигинен улам бир нече эсе жогору. Камактан кийин коомго кайтып келүү өзү менен чогуу кошумча тобокелдиктерге алып келет, анткени АИВ менен жашаган адамдар көпчүлүгүн, өткөөл мезгил учурунда колунда дары-дармектердин жетиштүү өлчөмү жок жана эч колдоосуз эле бошонуп чыгышат, бул ден соолугунун абалынын начарлашына алып келет жана АИВдин жугуу тобокелдигин жогорулатат.
Эки жылдын ичинде долбоор Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын сегиз аймагындагы 16 түзөтүү мекемелеринен чыккан 11 000төн ашуун адамга жардам көрсөтмөкчү. АИВге каршы аракеттенүү боюнча Долбоор AFEW тарабынан жүзөгө ашырылууда.