USAID каржылаган Кыргыз агробизнести камсыздоо жана өнүктүрүү долбоору (KAED) 2001-жылдан тартып баштаган Кыргыз Республикасынын айыл чарба секторун өнүктүрүүдөгү долбоор ишмердүүлүгүн жетишкендиктерин белгилөө үчүн долбоордун жабылыш аземин өткөрөт. Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздукту бекемдөөгө багытталган долбоор он миңдеген кыргыз фермерлерине буудайдын жана башка маанилүү азык-түлүк өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле сүт, жумуртка жана этти өндүрүү үчүн тоюттун санын жана сапатын өстүрүүгө жардам берди. Долбоордун жабылуу аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, долбоордун өнөктөштөрү жана бенефициарийлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Азем Бишкек Хайятт Ридженси мейманканасында саат 9:30 та башталат.
Долбоордун кызматкерлери жергиликтүү фермерлер үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн каражаттарына жеткиликтилүүктү жакшыртуу жана кыргыз рыногунун эл аралык белгилүү коюучулар менен байланышын жөндөө үчүн ар андай өнөктөштөр: айыл чарба продукциясынын дилерлер тармагы, агродүкөндөр жана өкмөттүк эмес уюмдар менен иштешти. Евразия Групп, Оазиз Агро компаниялары, ТЕС-борбору менен кызматташтык аркылуу фермерлер сапаттуу төө буурчак, күн карама, тоют үчүн жүгөрүнү көп өстүрө алышат, бул өлкөнүн канаттуулар секторун өнүктүрүүнү шарттайт. Азыркы учурда кыргыз жумуртка өндүрүүчүлөр тоютка субсидия берилген Кытайдан, Россиядан ташылып келинген продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүү болуп калды.
KAED долбоору Кыргыз Республикасына жерлерди реабилитациялоодо олуттуу колдоо көрсөттү. Өлкөнүн түштүгүндө жана Ысык-Көл облусунда 5500 гектарга жакын пайдаланылбай калган жер айыл чарба жүгүртүүсүнө кайтарылган, бул сугарылуучу жердин жетишсиздиги байкалган өлкөбүз үчүн алгылыктуу жетишкендик болуп саналат. Чет өлкөлүк инвесторлордун колдоосунда KAED долбоору Ысык-Көлдүн тегерегиндеги жерлерди реабилитациялоо үчүн $442,000 АКШ долларын тарткан, мына ошентип жеке инвестицияларды айыл чарба секторуна ийгиликтүү тартуу үчүн модель түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта KAED долбоору Экономикалык өнүктүрүү фондунун 20-миллионд АКШ доллардык программасын ийгилдиктүү ишке ашырган. EDF программанын биринчи фазасында долбоор 34000 фермерлер жана кооперативдер үчүн 3600 тонна сапаттуу үрөндөрдү сатып алган, бул фермерлерге 12.2 миллион АКШ доллары өлчөмүндө киреше алып келген. Программанын экинчи фазасында он төрт үрөнчүлүк чарбалары 94 бирдик айыл чарба техникасын, анын ичинде тракторлорду, жыйноочу комбайндарды, соколорду, үрөн тазалоочу машиналарды, ошондой эле жогорку сапаттуу үрөндөрдү алышкан. Чарбаларга техникалык колдоо, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору боюнча көрсөтмө күндөрдү өткөрүү боюнча колдоо көрсөтүлгөн. Программанын үчүнчү фазасы өндүрүмдүүлүктү жанат өлкөдөгү мал чарба секторунун кирешелүүлүгүн көбөйтүүгө багытталган. Айыл чарба жабдууларынын 400 бирдигин, анын ичинде тракторлор, комбайндар, ирригациялык жана сүт саай турган жабдуулар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тандалып алынган 9 мал чарбаларына берилген. Чарбалар ошондой эле АКШнын Монтана штатынан алынып келинген кара ангус породасындагы 235 баш асыл тукум мал алышкан. Бул порода эттин жогорку сапаты жана жергиликтүү климатка көнүгүүгө жөндөмдүүлүгү менен жогору бааланат.
Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоору – көп жагынан АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги аркылуу америка эли колдоого алган көптөгөн долбоорлордун бири. USAID долбоорлору жөнүндө кошумча маалымат үчүн биздин сайтка http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic жана Facebookтагы биздин баракчага: https://www.facebook.com/USAIDKyrgyzRepublic кайрылыңыздар.