23-декабрында АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлу Майкл Грин, премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) жетекчилиери Орто Азиядагы эң ири дүң соода базары – Дордой базарында салык төлөөчүлөрдү тейлөө Борборун ачышты. Жаңыдан оңдолгон жай базарда иштеген 7 миңден ашуун ишканага жана жеке соодагерлерге салык кызматты тейлөөнү жакшыртууга көмөк көрсөтөт. USAID Натыйжалуу мамлекетти башкарууну колдоо программасы (GGPAS) аркылу Дордой базарда жана Араван райондо жайгашкан темир контейнерлерди толук кандуу салык кызмат тейлөө борборлоруна айландырганга, Оштун 25 миң ишкер үчүн кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга жардам берди.
Салык төлөөчүлөрдү тейлөө борборлор “Бирдиктүү терезе” принцибинде иш алып баруу менен, бир жерге МСК, Социалдык фонд, Улуттук статистикалык комитет жана тейлөөчу банктардын өкүлдөрүн жайгаштырып ишкерлерге бир жерден ишканаларын каттоодон өткөзүп, ошол эле жерден салыктарды төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле GGPAS аркылу USAID МСКнын активдүү, реформаларга умтулган жетекчилигине адамдык ресурстарын тейлөө комплекстүү стратегиясын иштеп чыгуу максатында мекемесинин ишиндеги жетишпестикрерди анализдөөгө жардам берет. Ачылыштын расмий аземинен кийин премьер-министр Оторбаев катышуучулардын суроолоруна жооп берип Кыргызстандын Бажы биримдегине кирүүсү Дордой базарында иштеген адамдарга жаңы рынокторду жана жаңы мүмкүндүктөрдү ачып бере турганы жөнүндө белгилеп кетти.