2016-жылдын 28-сентябры
Бишкек – USAID туризм экономиканы көтөрүүдө күчтүү кыймылдаткычтардын бири экенин мойнуна алып, Кыргыз Республикасы менен бирге 27-сентябрда Эл аралык туризм күнүн белгиледи. Өлкөнүн уникалдуу маданияты жана ажайып кооз жаратылышы дүйнө жүзүндөгү көптөгөн саякатчыларды өзүнө тартууда. USAID жаратылышы кооз, эли меймандос келген жана көчмөн элинин маданиятына бай Кыргыз Республикасына мындан да көп туристерди тарттуу максатында Кыргызстандагы өзүнүн өнөктөштөрү менен бирге активдүү иш алып баруусу менен сыймыктанат.
2014-жылдан баштап USAID-дин “Бизнести өнүктүрүү демилгеси” жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, туристтик компаниялар, жарандык коом жана жергиликтүү коомчулук менен бирге Жыргалаң, Каракол жана Ош-Сары-Таш туристтик жерлерин алдыга жылдыруу максатында өзүнүн салымын кошуп келет. USAID-дин колдоосу менен бул туристтик жайлар туристтик кооз жерлерди жакшыртуу, окуялуу жана маданий туристтик маршруттарды иштеп чыгуу, конок үйлөрдүн кызмат көрсөтүү деңгээлин көтөрүү, туроператорлор жана гиддер менен тыгыз мамиле түзүү, жана ошондой эле өлкөнүн тарыхы жана маданияты тууралуу тереңирээк маалымат алууга кызыккан туристтер үчүн музейлерди туризм тармагына тартуу сыяктуу стратегияларды иштеп чыгышты.
USAID республика боюнча туризмди көтөрүү жаатында активдүү иштерди алып барууну улантып, төмөндөгү болуп жаткан иш чаралар жана майнаптар менен сыймыктануу менен бөлүшөт:
- Республика боюнча 90 жакын көрсөтүүчү жана жол белгилери орнотулду;
- «Кыргызстанга келүүнүн он себеби» деген аталыштагы брошюраларды жана башка материалдарды иштеп чыкты;
- Youtube каналына түрк тилинде алты промо видео материалдарды иштеп чыкты;
- Лондон, Берлин, Москва жана Алматы шаарларында өтүүчү эл аралык соода көргөзмөлөргө катышууга демөөрчүлүк көрсөттү;
- Ысык-Көл эл аралык туризм көргөзмөсүн өткөрүүгө колдоо көрсөттү;
- 15 жергиликтүү музейлер менен бирдикте музейлерди өнүктүрүү үчүн 20 күндүк интенсивдүү программаны иштеп чыкты;
- Бишкекте өткөн “Оймо” кол өнөрчүлөр көргөзмөсүнө колдоо көрсөттү;
- Кыргызстанда туризмди алдыга жылдыруу максатында 1.5 млн жактоочусу бар 20 эл аралык туризм жаатындагы журналисттерди жана блогерлерди кабыл алды;
- 3000 -ден ашуун туристке сурамжылоо жүргүздү;
- Өлкөнү түрк рыногуна жарнамалоо максатында Стамбулда “Кыргызстан түндөрү” аталыштагы кече өткөрүүнү пландаштырууда;
- Смартфондор үчүн Бишкек шаарында жүрүүгө арналган бекер аудио гид иштеп чыгууда;
- Wikipedia, WikiTravel жана Lonely Planet-тин контенттерин орус жана түрк тилдеринде жазууда;
USAID-дин туризмди өнүктүрүү демилгеси – бул Кыргыз экономикасынын атаандаштыгын артырууга жана аны бекемдөөгө арналган төрт жылдык долбоордун бир бөлүгү.