Бишкек – www.testing.kg сайты окуучулар өлкөнүн жогорку окуу жайларына өтүү үчүн Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярданууга биринчи жолу акысыз практикалык онлайн-тесттерди сунуштайт. Жогорку билим алуу үчүн абитуриенттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейткен инновациялык тесттер Америка Кошмо Штаттарынын USAID аркылуу көрсөткөн колдоосу менен киргизилди.
Онлайн-тесттерди Жалпы республикалык тестти түзүп, өткөргөн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) иштеп чыккан. Түзүлүшү жана көрүнүшү менен онлайн-тест чыныгы жалпы республикалык тесттин тапшырмаларына окшош. Азыркы учурда сайтта математика жана сөздүк-логикалык бөлүм боюнча тесттер кыргыз, орус тилдеринде сунушталган, бирок ББОУБ ЖРТнын түзүмүнө кирген бардык предметтер боюнча тесттерди киргизүүнү пландаштырат.
USAID-дин колдоосу менен кыргыз же орус тилдеринде компьютердик тесттер да иштелип чыкты. Каалаган бүтүрүүчүлөр жана 2-11-класстарынын окуучулары компьютердик тесттерди акы төлөп ББОУБ офисинде тапшыра алышат.
Ошондой эле, USAID-дин каржылоосу менен кыргыз, орус тилдеринде жаңы тест тапшырмалары түзүлдү, ЖРТга даярдануу үчүн колдонмолор кайрадан иштеп чыгарылды, www.testing.kg сайты жаӊыланды, компьютердик тесттерди өткөрүү жана маалыматтарды иштетүү үчүн керектүү жабдуулар сатып алынды.
Жалпы республикалык тест Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүп, билим берүү жаатындагы эӊ ири коррупцияга каршы долбоорлордун бири болуп саналат. Бул долбоор өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырууда ар бир абитуриентке бирдей жана жеткиликтүү шарт түзүү боюнча мамлекеттик максаттарды аткарат.