10–декабрда саат эртең мененки 9да Бишкек ш. Парк Отелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү «Сапаттуу саламаттык сактоо» USAID долбоору (QHCP) координациялаган антибиотиктерди рационалдуу пайдаланууга көмөктөшүү боюнча демилгенин жыйынтыктарын талкуулашат. Талкуулоо кеңири таркаган ооруларда бактерияларга каршы препараттарды дайындоо практикасында кыйла жакшыртуулар болгонун чагылдырууга багыттылат.
Антибиотиктерди өтө көп жана жөнү жок пайдалануу жеке да, популяциялык деңгээлде да антибиотикотерапияга бактериялык туруктуулук пайда болушунда өтө чоң ролду ойнойт. Бактериялык туруктуулук, өз кезегинде, өлүмдөрдүн өсүшүнө, оорукана койкасында узак жатууга жана дарыланууга кеткен чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет. Кыргыз Республикасында 2012-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, катуу кармаган бронхит диагнозу менен 89% пациенттер жана кадимки суук тийип калган 31% пациенттер негизсиз дайындалган антибактериялык терапия алышкан.
2012-жылы «Сапаттуу саламаттык сактоо» долбоору үч пилоттук региондордо антибиотиктерди шайкеш колдонууга көмөктөшүү максатында бактерияга каршы препараттарды өтө көп пайдалануу жана негизсиз дайындоону шарттаган факторлорду билүүгө багытталган изилдөө жүргүздү.
Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институту «Сапаттуу саламаттык сактоо» долбоорунун колдоосунда иштелип чыккан окуу программасын колдонуу менен жүргүзгөн окутуудан кийин баштапкы да, госпиталдык деңгээлде да кеңири таркаган ооруларды дарылоодо бактерияга каршы препараттарды негизсиз дайындоо көрсөткүчтөрү кескин төмөндөдү.
Ошондой эле «Сапаттуу саламаттык сактоо» долбоору кеңири таркаган респиратордук жана урологиялык оорулар боюнча илимий негизделген ондогон клиникалык протоколдорду иштеп чыгууда колдоо көрсөттү. Бул протоколдор Кыргызстандын саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге антибиотиктерди негизсиз колдонууга жол бербей, туура диагноз коюуда жана натыйжалуу дарылоо дайындоодо көмөктөшөт.
«Сапаттуу саламаттык сактоо» долбоору USAID аркылуу америка эли колдогон көптөгөн көмөктөшүү долбоорлордун бири болуп саналат. USAID программалары жөнүндө толук маалыматты бул сайттан табасыз: www.usaid.gov/kyrgyz-republic