USAID айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө сатып алуучулар менен байланыш түзүүгө жардам берүүдө

2016-жылдын 20-октябры

Бишкек – 2016-жылдын июлунан сентябрь айына чейин Америка Кошмо Штаттары USAIDдин Агро горизонт долбоору аркылуу Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен жергиликтүү жана чет өлкөлүк сатып алуучулардын ортосунда байланышты күчөтүүгө бир катар иш-чараларга колдоо көрсөттү. Алматыда, Бишкекте жана Ошто өткөн үч ири форумдун, ошондой эле чакан форматтагы жүздөн ашык жолугушуунун алкагында, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарындагы тамак-аш өнөр жайы ишканаларынын өкүлдөрү потенциалдуу сатып алуучулар менен жолугушту. Натыйжада, 5,4 миллион АКШ доллары көлөмүндө жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу контракттарга жана макулдашууларга кол коюлду.

Аталган иш-чараларга Кыргызстандан, Казакстандан, Монголиядан, ошондой эле башка өлкөлөрдөн 16 кайра иштетүүчү ишкана жана 27 сатып алуучу катышты. Тараптар жашылча-жемиш, мөмөлөр, шире, томат паста, соус, джем, эт жана сүт азыктар сыяктуу чийки жана кайра иштетилген түрдүү өндүрүм менен камсыз кылуу боюнча контракттарга жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарга кол коюшту.

“USAIDдин Агро горизонт долбоору биздин компаниябыздын өсүшү үчүн күчтүү түрткү болду. Биз мурда ойго да келбеген контракттарга кол койдук; азыр болсо биз азыктарды жадагалса экспортко да даярдап жатабыз”, – деди Жалал-Абад облусунда томат пастасын чыгарган “Концепт Мастер” ЖЧКсынын директору Аскар Окенов.

Бул ишканалардын өсүшүнө багытталган иш-чаралар – чакан фермердик чарбалардын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, азыктардын сапатын жакшыртуу жана айыл чарба товарлары үчүн рынокторду кеңейтүү аркылуу алардын кирешесин жогорулатуу боюнча USAID долбоорунун бир бөлүгү. АКШнын колдоосунун натыйжасында USAIDдин “Агро горизонт” долбоорунун катышуучулары түшүмдүүлүктү эки эсеге же жадагалса үч эсеге көбөйтүп, ошондой эле өздөрүнүн маркетинг жана баа коюу методдорун жакшырта алышты.