USAIDдин Администраторунун орун басары пресс-конференцияга катышты

Марк Фиерстин, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Администраторунун орун басары жана агенттиктиктин жетекчилигинде үчүнчү адам, пресс-конференция берди. Ал өзүнүн расмий визитинин жыйынтыгы тууралуу жана USAID менен Кыргыз Республикасынын өнөктөштүгүн талкуулады. Пресс-конференция Интерньюс офисинин конференц-залында 9-декабрда өттү. Ошондой эле пресс-конференцияга АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Памела Спратлен жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Майкл Грин катышышты.

Марк Фиерстин Кыргызстанга жана Казахстанга 7-декабрдан 9-декабрга чейин расмий визит менен келген. Марк Фиерстин USAIDден Кыргызстанга качандыр бир келген эң жогорку кызматтагы адамдардын бири. Марк Фиерстин Вашингтондо жайгашкан USAIDдин башкы офисинен агенттиктин жогорку деңгээлдеги маселелери жана агенттик аралык иштерди башкарат. Кыргызстанда Марк Фиерстин Премьер Министр Жоомарт Оторбаев, өкмөт өкүлдөрү жана жараандык коом менен жолугушту, жана USAIDдин өнөктөштөрү менен жолугуп, саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономика жана демократия жаатындагы долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.

Өмүр баян: Марк Фиерстин – АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин  (USAID) администраторунун орун басары – агенттиктин жогорку деңгээлдеги маселелери жана агенттик аралык иштерди башкарат. Ошондой эле ал Администратордун Латын Америка жана Кариб бассейни боюнча жардамчысы.

Марк Фиерстин буга чейин Greenberg Quinlan Rosner эл аралык изилдөө компаниясынын Директору жана Вице-президенти болуп иштеген. Ал 30дан ашуун өлкөдө өткөрүлгөн изилдөөлөрдү башкарган. Бул мүмкүнчүлүк аркылуу Марк Файерштейн дүйнө жүзүндөгү ар кыл өлкөлөрдүн жарандарынын түрлүү темадагы көз караштары менен таанышкан.

Greenberg Quinlan Rosner компаниясынан мурда Файерштейн USAIDдин Дүйнөлүк шайлоо офисинде Директор болуп эмгектенген. Ошондой эле ал АКШнын Мамлекеттик Департаментининин Америка мамлекеттеринин уюмундагы Элчисинин атайын жардамчысы катары кызматта регионалдык маселелерди жөндөө боюнча иш алып барган. Бул кызматка чейин Марк Файерштейн Улуттук Демократиялык Институтунда Латын Америка жана Кариб бассейни боюнча Директор болуп иштеген.  Бул кызматта өнүгүп жаткан өлкөлөрдө демократиялык институттарды чыңдоо боюнча иштерди башкарган.

Марк Фиерстин АКШда жана Мексикада журналист болуп эмгектенген жана испан тилин билет. Ал негизги гезит жана журналдар үчүн эл аралык маселелер боюнча макалаларды жазган. Марк Файерштейн Тафтс университетинен бакалавр даражасын артыкчылк диплому менен бүтүрүп, магистратураны Флетчер атындагы укук жана дипломатия мектебинен алган.